БУУӨП жана Юстиция министрлиги акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ыкчам байланыш номерин ишке киргизди

2023-ж., 18-January

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал (сол жакта) жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков (оң жакта) 114 ыкчам байланыш номеринин ачылыш аземинде

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте Европа Биримдигинин жана БУУнун «Теңдик нуру» демилгесинин алкагында «114 ыкчам байланыш номерин» ишке киргизди. 114 ыкчам байланыш номери калктын бардык топторуна, анын ичинде сексуалдык гендердик зомбулуктун (СГЗ) курмандыктарына тез жана акысыз юридикалык жардам көрсөтөт жана зарыл болгон учурда тиешелүү кызматтарга кайрылууга мүмкүндүк берет. Жабырлануучулардын жана карапайым жарандардын сапаттуу мамлекеттик кызматтардан пайдалана билүүсү, алардын коргонуусун жана коопсуздугун жогорулатууда жана зомбулуктун көп катталган башка түрлөрүн алдын алууда чечүүчү мааниге ээ.

«114 ыкчам байланыш номерин» расмий түрдө Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков жана  Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал   ачып беришти.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал  өзүнүн сөзүндө мындай деп белгиледи: «Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, юридикалык ыкчам байланыш телефондору калкты укуктук маалыматка жеткиликтүү кылып, сабаттуулугун жогорулатып жана жарандардын укуктарын кеңейтүү үчүн негизги инструмент болуп саналат.

Ыкчам байланыш телефону жабырлануучуларды, өзчөгө зомбулукка кабылган аядарды жана кыздарды тиешелүү кызматтарга багыттоо жана эффективдүү жардамды координациялоо үчүн керек. Юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ыкчам байланыш номеринин артыкчылыктарын кубануу менен кабыл алганыбыз менен бирге, бул жаңы инструментти аягына чейин иштеп чыгуу убакытты талап кыларын жана мындан ары бул системаны кылдаттык менен бекемдөө, көзөмөлдөө, баалоо жана өркүндөтүү зарыл экенин моюнга алышыбыз керек».

Мындан тышкары, Моника Ризал Юстиция министрлигинин маалыматтары ырастагандай жыл сайын калктын юридикалык жардамга болгон суроо-талаптары кыйла өскөнүн баса белгиледи. Адамдар мүлккө, жарандык документтерге, жерге байланыштуу мыйзамдуу укуктарын билүү үчүн көбүрөөк маалыматка муктаж жана ошондой эле алимент алуу, ажырашуу, балдарды камкордукка алуу же үй-бүлөлүк зомбулук сыяктуу маселелерге туш болгон аялдар үчүн көбүрөөк маалымат керек.

«114 ыкчам байланыш номери» Юстиция министрлигинин юридикалык жардам кызматынын алдында иш алып барат. Ыкчам байланыш номери калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү менен бирге, адам укуктарынын эл аралык стандарттарына ылайык сексуалдык жана гендердик зомбулук (СГЗ) иштери боюнча жоболорду күчөтүүгө багытталган. Ыкчам байланыш телефону СГЗтун курмандыктарына квалификациялуу юридикалык биринчи жардамын көрсөтүп, секторлор аралык механизмдерди өркүндөтөт. Ошондой эле басмырлоонун ар кандай формаларына туш болгон аялдар менен кыздардын муктаждыктарына багытталган  сапаттуу  жана координацияланган кызматтарды камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков сөзүндө мындай деди:

«114 ыкчам байланыш телефону» 2022-жылы 10-августтагы Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамында белгиленген юридикалык жардамдын жаңы концепциясынын алкагында түзүлүп, укуктук консультациялык жардамдын бир түрү болуп саналат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн концептуалдык, техникалык жана укуктук багыттагы чоң көлөмдөгү иштер аткарылды. Ыкчам байланыш номери бирдиктүү мамлекеттик диспетчердик кызматтын оперативдүү кызматтарына чалуу системасында «114» кыска номерин алды. Ыкчам байланыш номери үчүн атайын техникалык каражаттар сатылып алынып,  иш бөлмөсү даярдалып, операторлор үчүн окутуу уюштурулду. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын калкынын жаңы, жогорку деңгээлде сапаттуу жана ыкчам юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн жасалды. Ушуга байланыштуу биз долбоорго техникалык жана башка колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн  кеңсесине жана «Теңдик нуру» демилгесине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз».

Европа Биримдигинин (ЕБ) жана БУУнун «Теңдик нуру» демилгеси тууралуу

2020-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өнөктөштүктө ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу максатында глобалдык «Теңдик нуру» (Spotlight) демилгесинин алкагында көп жылдык өлкө программасын ишке киргизген. Программанын максаты - Кыргызстандагы өзгөчө аярлуу катмардагы бардык аялдар жана кыздар үчүн, зордук-зомбулуксуз, ала качуу жана эрте никеге берүү сыяктуу зыяндуу адаттарсыз эркин чөйрөнү түзүү. Программа саясат жана мыйзамдар, институттарды бекемдөө, зомбулукту алдын алуу, зомбулуктун курмандыктарына кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын, жарандык коомду колдоо жаатындагы комплекстүү чаралардын комплексин камтыйт. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУнун Аялдар түзүмү, БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду (ЮНФПА), БУУӨП (UNDP) , ЮНИСЕФ жана БУУ БКБ) тарабынан БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жалпы көзөмөлүндө ишке ашырылат.