8 пробация кеңсеси БУУӨПтүн колдоосунда ачылды

2021-ж., 1-September

Пробация кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган иш-чарага КР Юстиция министрлигинде Юстиция министрлигинин жетекчилиги, КР Президентинин Администрациясы, Бишкек шаардык мэриясы, КР Башкы прокуратурасы, КР Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, КР Юстиция министрлигинин алдындагы МЖАК, эл аралык уюмдар, "Укук" МИ өкүлдөрү катышышты. фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

Бишкек, 1-сентябрь 2021 – Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы Юстиция министрлигинин алдында Пробация департаменти түзүлүшүнүн 2 жылдыгы менен куттуктап, департаменттин өлкөдө жаңы институтту өнүктүрүүдөгү ийгиликтерин белгиледи.

Пробация кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган иш-чарага КР Юстиция министрлигинде Юстиция министрлигинин жетекчилиги, КР Президентинин Администрациясы, Бишкек шаардык мэриясы, КР Башкы прокуратурасы, КР Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, КР Юстиция министрлигинин алдындагы МЖАК, эл аралык уюмдар, "Укук" МИ өкүлдөрү катышышты.

Асель Чыныбаева, министр юстиции КР

КР Юстиция министри Асел Чыныбаева куттуктоосунда: «Адегенде өлкөнүн бардык жарандарын жана конокторун улуу майрам жана улуттук биримдиктин, ынтымактын жана жоопкерчиликтин символу болгон өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктоого уруксат этиңиздер.

Урматтуу кесиптештер, сиздердин ишиңер аркасында пробация кардарлары оңолууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул майрамдык күнү ишиңерде албан ийгиликтерди, кесиптик өркүндөөнү, жаңы бийиктиктерди багынтууну жана чың ден соолук каалайм. Сиздердин ишиңер мыйзамга баш ийген жашоо образынын бекемделишине салым кошуп, жарандарыбызга, коомубузга жана мамлекетибизге оң натыйжаларды алып келсин».

Эскерте кетсек, БУУ БКБ менен тыгыз кызматташтыкта, "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы биздин техникалык колдообуз менен иштелип чыккан жана 2019 -жылдын январында күчүнө кирген; болжол менен 16 миң адам пробациянын кардарлары, министрликте атайын департамент түзүлдү; жана 8 пробациялык кеңсе биздин колдообуз менен өлкө боюнча ачылып, 133 кызматкер атайын окуудан өттү.

Луиз Чемберлен, Постоянный представитель ПРООН в Кыргызстане

Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү өз куттуктоосунда буларды баса белгиледи: «Бүгүн биз жаза аткаруу, көзөмөлдөө жана алдын алуунун гумандуу, аз жазалоочу жана анча кымбат эмес жолуна чыгууну белгилеп жатабыз

жана Юстиция министрлигине бул реформаны ишке ашыруудагы көз карашы жана лидерлиги үчүн алкыш. Пробациянын камактан тышкаркы чара катары маанилүүлүгүн азыр эл аралык коомчулук мыкты тажрыйба катары тааныды.

Ресурстарды бөлүштүрүүдө тийиштүү стимулдаштыруу механизмдерин жана пробация кызматкерлеринин келечектүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү камтуу шарт, ошондо пробация кылмыш жана жаза саясатынын куралы катары өнүгүүнү улантып, кылмышкерлердин укуктарын коомдук коопсуздуктун кызыкчылыктары менен теңдештирет.

Сөзүмдүн соңунда, БУУӨП ар тараптуу, адамдарга багытталган улуттук укуктук реформага көмөк көрсөтүүдө жана мыйзамдуулукту мындан ары чыңдоодо Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү ниети бекемдигинен сөз берем ».

Пробация бул – пробация кардарларына мамлекеттик чаралардын жыйындыларын колдоно турган, алардын социалдык-укуктук программаларга өз каалоосу менен катышкан учурда коомдук таасир берүүчү мамлекеттин социалдык-укуктук институт. Бул программалар адамдарга жекече социалдык изилдөө жүргүзүлгөндүн негизинде иштелип чыгат жана алар пробация кардарларынын оң жолго түшүүсүнө, мыйзам бузууларынын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана алардын жаңы коомго ылайыкташышы үчүн чараларды көрүүгө багытталган.

Иш-чаранын фотолорун көчүрүп алууга шилтеме: https://flic.kr/s/aHsmWwqpBN

***

Медиа байланыштар үчүн: Нуржан Алымканова, коммуникациялар адиси, 0555068833 nurzhan.alymkanova@undp.org