“Адам укуктары жана Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ): Борбордук Азия өлкөлөрүндө ТӨМдөрдү ишке ашыруу механизмдерине адам укуктары боюнча сунуштарды интеграциялоо” темасында Борбордук Азиялык аймактык консультациялары болуп өттү.

2022-ж., 27-April

БИШКЕК, Кыргызстан, 27-апрель – Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы Регионалдык кеңсеси жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Стамбулдагы аймактык кеңсеси БУУӨПтүн  Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы өкүлчүлүктөрү менен бирге, “Адам укуктары жана Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ): Борбордук Азия өлкөлөрүндө ТӨМдөрдү ишке ашыруу механизмдерине адам укуктары боюнча сунуштарды интеграциялоо” деген темада Борбордук Азиялык аймактык консультацияларды өткөрүштү.

25-26-апрель күндөрү БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана АУЖКБ тарабынан дүйнөлүк деңгээлде ишке ашырылып жаткан  Туруктуу өнугүү максаттарына (ТӨМ) жетүү үчүн БУУ системасынын адам укуктарынын эл аралык жана аймактык механизмдери менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү ” долбоорунун алкагында эки күндүк консультациялар өткөрүлдү.

Консультациялар тажрыйба алмашуу максатында Борбордук Азиядан келген бардык катышуучулар үчүн ТӨМгө жетүүдө ТӨМ менен адам укуктарын коргоо жаатындагы сунуштарды жана аларды улуттук мониторинг, ишке ашыруу жана контролдоо процесстеринде жайылтуу практикасы менен байланыштыруу боюнча бирдиктүү аянтчаны түздү. Отчет БУУӨП жана АУЖКБ  тарабынан консультациялардын алдында даярдалган. Анда тиешелүү улуттук кызыкдар тараптар жана Борбордук Азиянын бардык беш мамлекетинде ТӨМ жана адам укуктары боюнча мониторинг жана отчеттуулуктун механизмдери жөнүндө маалыматтар камтылган.

Иш-чарага Борбордук Азиянын беш өлкөсүнөн ар кандай мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун 70тен ашык өкүлдөрү катышты, алар ТӨМ жана адам укуктары боюнча мониторинг жана отчеттуулук, ошондой эле ТӨМ жана адам укуктары боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо үчүн жооптуу улуттук институттардын өкүлдөрү болду. Андан тышкары, иш-чарага БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын башкармалыгынын жана Адам укуктары боюнча Даниялык институтунун адам укуктары боюнча эл аралык эксперттери катышты. Жолугушуу беш борбордо (Нур-Султан, Бишкек, Душанбе, Ашхабад жана Ташкент) чогулган улуттук өнөктөштөрдүн виртуалдык платформасына  кошулуу аркылуу гибриддик формада өттү.

Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жана 2030-жылга чейинки күн тартиби өнүгүүнүн трансформациялоочу негизи болуп саналат, анткени алар адам укуктарына негизделген. ТӨМ жана милдеттеринин 90 пайыздан ашыгы адам укуктары боюнча милдеттенмелерге жооп берет.

«ТӨМгө карай прогресстин маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири - бул Париж принциптери деп аталган эл аралык стандаүттарга жооп берген адам укуктары боюнча көз карандысыз улуттук институттардын болушу. Акыйкатчы институту башка укук коргоо институттары менен бирге даттанууларды кабыл алуу жана кароо жана өкмөткө адам укуктарына негизделген мыйзамдык негиздер боюнча консультация берүү аркылуу теңсиздик жана дискриминация менен күрөшүүгө жардам берет. Институт жарандык коом менен мамлекеттин ортосундагы байланыштыруучу да болуп саналат. Биздин миссиялардын бири – адам укуктарынын бузулушунун алдын алууга салым кошуу жана маргиналдашкан адамдарды коомдун бардык чөйрөсүнө камтыган стратегияларды иштеп чыгуу. Акыйкатчы институту учурда биздин ыйгарым укуктун алкагында туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мониторинг жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү боюнча жигердүү иш алып барууда», — деди Акыйкатчы Атыр Абдрахматова.

Жолугушуунун катышуучулары бул платформа аркылуу аймактык алмашууну улантууга, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү ТӨМ улуттук механизмдерине адам укуктарын интеграциялоо боюнча иш алып барган тиешелүү институттарга ноу-хау жана потенциалды жогорулатууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Стамбулдагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Регионалдык Хабынын Башкаруу жана Тынчтыкты куруу тобунун жетекчиси Роберт Бернардонун айтымында, “Биз өлкөлөр адам укуктары механизмдеринин жыйынтыктарын ТӨМ процесстерине ырааттуу түрдө экспорттошуна кепилдик беришибиз керек. Ушуга байланыштуу биз бул консультациялар өлкөлөргө алдыга жылууга жардам берет деп үмүттөнөбүз.Ошондой эле БУУӨП АУЖКБ менен өнөктөштүктө универсалдуу периоддук обзор туруктуу өнүгүүнү кандайча колдоп жана тездетип жаткандыгын кеңири баяндаган БУУ тутумунун тажрыйбасынын репозиторийин жарыялаганына сыймыктанабыз».

Катышуучулар ошондой эле АУЖКБ  жана Даниянын Адам укуктары институтунун онлайн инструменттери менен таанышты, алар өлкөлөргө адам укуктарын Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) менен байланыштырууга жардам берет жана аларга ТӨМдөрдү конкреттүү өлкөлөрдө ишке ашырууга байланыштуу эл аралык адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдардын сунуштарын тез карап чыгууга мүмкүндүк берет.

Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзөт.