Юстиция министрлигинин аймагында муктаж адамдарга акыйкаттыкты жеткиликтүүрөк кылуу максатында акысыз юридикалык жардам берүү борбору ачылды

2022-ж., 20-June
FLA center

FLA center

Бишкек, 30-май – Бүгүн Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков, Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Орусия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча департаментинин башкы директору, мониторинг миссиясынын башчысы Марья Лиивала жана БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал калктын аяр катмарлары, анын ичинде аялдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн Акысыз юридикалык жардам борборунун (АЮЖБ) ачылышына катышышты. АЮЖБ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин имаратынын аймагында жайгашкан.   

Акысыз юридикалык жардам борборлорунун негизги максаттары – бул калктын аярлуу катмарынын укуктук жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, укуктук агартуу, укуктук жактан маалымдоо, калктын аярлуу катмарынын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга кол кабыш кылуу, айрым категориядагы жарандардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдарды алуу укугун камсыз кылуу үчүн акысыз юридикалык жардам берүү. Акысыз юридикалык жардам укуктук кеңеш берүү жана юридикалык маселелер боюнча оозеки кеңеш берүү жолу менен маалымдоо, ошондой эле, документтер долбоорун түзүү боюнча жардам берүү формасында көрсөтүлөт.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал жалпысынан 17 акысыз юридикалык жардам берүү борборлору ачылганын белгилеп өттү: “Акысыз юридикалык жардам бир да жаран экономикалык же башка жетишсиздиктен улам сот адилеттигине жетүүгө мүмкүнчүлүк ала албай калбашы үчүн көрсөтүлөт. БУУӨПтө биз “Эч кимди артта калтырбайбыз” принцибин камсыз кылабыз жана жалпы өлкө боюнча 17 акысыз юридикалык жардам берүү борборлорун, анын ичинде калктын жыштыгын жана ички мигранттар жашаган Бишкектин тегерегиндеги конуштарды эсепке алуу менен Бишкек шаарында дагы бир борборду ачууга жардам бердик”.

Борборлордун ачылышы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жеткиликтүүлүккө карай” жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган Spotlight Initiative долбоорлорунун алкагында кызматташуусунун аркасында мүмкүн болду.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Орусия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча департаментинин башкы директору, мониторинг миссиясынын башчысы Марья Лиивала төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: “Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору Кыргыз Республикасынын жарандарынын сот адилеттигине жетүүсүн камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Финляндия 2014-жылдан бери КРнын Юстиция министрлиги менен кызматташып келе жатканына сыймыктанат жана бул иш уланууда. Юридикалык кызматтар аялдарга жана майыптар сыяктуу калктын аярлуу катмарына жеткиликтүү болушу өтө маанилүү».

2016-2021-жылдар аралыгында БУУӨПтүн колдоосу менен жалпы өлкө боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү 17 борбор ачылган. Учурда Кыргызстанда жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган мындай 35 акысыз юридикалык жардам берүүчү борбор бар.

Ачылыш аземинде КР Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков бул уникалдуу борбор деп белгилеп өттү: «Бул уникалдуу, биринчи өлкөлүк юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борбор. Эмне үчүн ал министрликтин аймагында, себеби, бул жерде мамлекеттик кызматкерлер – жактоочулар кеңеш беришет. Бул кызмат көрсөтүү жерлериндеги жоопкерчиликти күчөтөт жана жарандарга юридикалык консультация берүүлөрдүн санын көбөйтөт».

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борбор төмөнкү даректе жайгашкан: Жаш Гвардия бульвары, 32, 1-кабат. Консультациялар белгиленген графикке ылайык Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борбордун системасына кирген квалификациялуу юристтер жана жактоочулар тарабынан берилет.

***

Фотолорду алуу үчүн шилтеме: https://flic.kr/s/aHBqjzRxYq

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси. Электрондук дарек: nurzhan.alymkanova@undp.org