Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи

2021-ж., 28-June

Бишкек, Кыргызстан – 2021-жылы 25-июнда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Климат боюнча БУУнун алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 26-Конференциясынын (COP-26) алдында уюштурулган "Эриген мөңгүлөрдүн бийи" сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. 9-июлга чейин ачык боло турган сүрөт көргөзмөсүндө Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн сүрөттөрү, ошондой эле Туруктуу Тоо Көркөм өнөрчүлүгү (SMART) долбоорунун, Мөңгүлөр Агониясы сүрөттөрү коюлган. Фотокөргөзмөдө Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн фотосүрөттөрү, ошондой эле коюлган. Көргөзмөнүн максаты – коомчулуктун көңүлүн ууга аяр мамиле кылууга жана климаттын өзгөрүшүнөн улам мөңгүлөрдүн аянттарынын азайып бара жаткандыгынын маселесине буруу болгон.

Жерди прикладдык изилдөөнүн Борбордук Азияинституту берген сүрөттөрдө Кыргызстандын мөңгүлөрү жана алардын абалы көрсөтүлгөн.

Француз фотографы Лауренс Пиаженин сүрөттөрүндө Рона мөңгүсү көрсөтүлгөн, ал анын эрип кетишин басаңдатуу зарыл экендигижөнүндө айтып тургандай брезент менен жабылган. Бул сүрөт “Мөңгүлөрдүн агониясы” деп аталган туруктуу тоо сүрөттөрүнүн көргөзмөсүнө сунуш кылынган жана Кыргыз Республикасындагы БУУӨП тоо региондорунда туруктууөнүктүрүү Фонду (FDDM) тарабынан берилген.

Фотокөргөзмө Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган жана БУУӨП тарабынан Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда жүзөгө ашырган “Борбордук Азияда климаттык коопсуздук үчүн саясый аракеттер” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Долбоор климаттык саясат жана эффективдүү климаттык дипломатия, парник газдарынын чыгышын кыскартуу боюнчамилдеттенмелерге илимий жактан негизделген өлкөлөрдүн өзүнүн климаттык саясатын жүргүзүү маселелери боюнчарегиондук кызматташууга көмөк көрсөтөт. Долбоорошондой эле 2021-жылы 1-12-ноябрда Глазгодо боло турган БУУнун Алкактык Конвенциясынын 26-тараптар Конференциясында улуттук делегациялардын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмаларын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.  

Долбоор БУУӨПтүн офистери тарабынан Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда Улуу Британиянын кызматташуу жана эл аралыкөнүктүрүү иштери боюнча тышкы иштер министрлиги (FCDO) менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылып жатат.

Долбоордун алкагында  Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Өкмөттөрүнө климаттын өзгөрүшү боюнча  ООНдун Алкактык Конвенциясынын (КӨАК) 26-тараптар Конференциясына (ТК) даярдык көрүүгө консультациялык көмөк көрсөтүлөт жана Париж келишимин ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн негиз түптөйт.

Көргөзмөнүнүчүн бардык маселелер боюнча жана ар кандай башка маалыматтар үчүн  pakiza.shirinova@undp.org дареги боюнча Пакиза Шириновага кайрылыңыздар.