Швеция парламентинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасына иш сапары менен келишет

2022-ж., 8-April

КИМДЕР:

1) Маргарета Цедерфельдт айым, Орточо партиясы, Тышкы Иштер боюнча Комитетинин мүчөсү жана ЕККУ ПАнын президенти

2) Гудрун Брунегард айым, Христиан-демократиялык партиясы, Тышкы Иштер Комитетинин мүчөсү жана Партиянын Өнүктүрүү үчүн расмий жардам саясаты боюнча өкүлү

3) Жанин Альм Эриксон айым, Жашылдар партиясы, Эл аралык өнүктүрүү кызматташтыгынын мурдагы статс-катчысы, Тышкы Иштер Комитетинин мүчөсү

4) Ясмин Посио айым, Солчул Партия, Тышкы Иштер Комитетинин мүчөсү

ЭМНЕ: Кыргыз Республикасындагы миссия

КАЧАН: 2022-жылдын 9-15-апрели

КАЙДА: Бишкек жана Ош

Швеция парламентинин мүчөлөрү 2022-жылдын 9-15-апрелинде Кыргызстанга таанышуу сапары менен келишет:

- Кыргыз Республикасына жана келечектеги мүмкүн болуучу траекторияга көңүл буруу менен Борбордук Азиядагы өнүгүү көйгөйлөрүн тереңирээк түшүнүүгө жана;

- улуттук керектөөлөрдү жана тынчсызданууларды түшүнүү үчүн улуттук кызыкдар тараптар, анын ичинде өкмөт жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүгө;

- Швециянын Парламенти менен БУУӨПтүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жана андан ары өнүктүрүүгө.

10-12-апрелде Швеция Парламентинин мүчөлөрү Тышкы Иштер Министри, Жогорку Кеңештин төрагасы, башка мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, өнүктүрүү жана донордук коомчулуктун өкүлдөрү, жарандык активисттер менен жолугушат.

13-14-апрелде Швеция парламентинин мүчөлөрү Кыргызстандын түштүгүндөгү өнүгүү контекстинде миграция, инновациялар, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Фергана өрөөнүндөгү аймактык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн Ош облусуна барат.

14-апрелде Швеция парламентинин мүчөлөрү БУУӨП тарабынан өнүктүрүү банктары, инвесторлор жана жеке сектор менен кошо ьнегизги актерлор үчүн маанилүү болгон инновациялык практиканы кеңейтүү жана жергиликтүү инновацияларга узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу аркылуу жашыл өнүгүүгө жол ачуу үчүн  ачылган Оштогу IT хабына барышат. БУУӨП учурда санариптештирүү менен креативдүү экономиканын кесилишинде аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жатат. Депутаттар  Жаратман Айымдар Жамаатынын айымдары менен жолугуп, алардын санариптик ишкерлер катары  жана өз жамааттарындагы өзгөрүүлөрдүн агенттери катары ийгилик баяндарына күбө болушат. 

Швеция парламентинин мүчөлөрү Чек-Абаддагы (Араван) жаштар борборуна барышат. Алар жаштар менен адам укуктарын урматтоого негизделген коомдо демократиялык принциптерди бекемдөө жана коомдук биримдикти камсыздоонун каражаты катары алардын жарандык жашоосу тууралуу талкуу жүргүзүшөт. Ошондой эле Кыргызстанды эң көп козгогон жана дүйнөнү эң көп козгогон маселелер боюнча жаштар менен пикир алмашат.

Ноокатта алар мигранттар жана алар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу баарлашып,  дүйнөлүк тенденциялар жана алардын жашоосун жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу ой бөлүшөт.

Иш-чараларга катышуу жана кошумча маалымат алуу үчүн байланышыңыз:

Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтүн Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери, ainagul.abdrahmanova@undp.org же 0770 755 776