Швеция парламентинин мүчөлөрү кызматташтык жана өнүктүрүү контекстин жакшыраак түшүнүү үчүн Кыргызстанда иш сапары менен болушту

2022-ж., 18-April

Бишкек, 2022-жылдын 18-апрели – Швеция парламентинин мүчөлөрү 2022-жылдын 9-15-апрелинде Кыргызстанга иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын расмий өкүлдөрү, инноваторлор, ишкер аялдар жана жарандык коом уюмдары менен жолугушту. Жогорку деңгээлдеги иш сапар үйрөнүү, жана багыт берүү максаттарында уюштурулуп, Борбор Азияда, Кыргыз Республикасына фокус менен өнүгүүдөгү чакырыктарды тереңирээк түшүнүү үчүн уюштурулду.

Делегацияны Кыргызстандагы БУУӨПтүн өкүлчүлүгү тозуп алып, сапарына колдоо көрсөттү. Швециянын парламент мүчөлөрү Швециянын Парламенти, БУУӨП дана Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдеп, арттыруу ниетин талкуулашты. Алар БУУӨП өнүгүүнү тездетүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктар менен күрөшүү, ошондой эле, Кыргызстанда инклюзивдүү жана демократиялык өркүндөөдө аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү өнөктөш экенин баса белгилешти.

“Өлкөнү колдоо, демократияны куруу, Климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүп, адаптациялоо жаатында БУУӨПтүн ишин көрүү кызыктуу болду. Биз Швеция БУУӨПтү жана бул иштерди колдоп жатканына кубанычтабыз” – деп, Жанин Алм Эриксон айым, Жашылдар партиясынын өкүлү, Швеция парламентинде Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча мурдакы мамлекеттик катчысы, Эл аралык мамилелер комитенинин мүчөсү билдирди.

Делегация жогорку деңгээлдеги расмий жолугушууларга катышып, Ош облусуна таанышууга барды. Ош шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандын Түштүгүндөгү Ош  жана Баткен облустарын өнүктүрүү боюнча контексттин өзгөчөлүктөрүн талкуулашты. Негизги фокус чек ара көйгөйлөрү жана региондук өнүгүүнүн артыкчылыктары, анын ичинде чыр-чатак тобокелдиктери, жаратылыш ресурстары жана региондогу башкаруу болду. “Фергана өрөөнүндөгү маселелерди чечүүдө БУУӨП башка өнөктөштөр менен биргелешип иш алып барышына күбө болуу мени кубандырды” – деп, борборчул партиясынын өкүлү, Тышкы иштер боюнча комитеттин мүчөсү жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясын Президенти Магарета Кедерфилд айым бөлүштү.

“БУУӨП өлкөнүн өнүгүшнө ар тараптуу деңгээлде мүмкүнчүлүктөрдү жана өнүгүү жолдорун жаратып жардам берүүдө. Бүгүн биз жаштар борборунда болуп, а жердеги жаштардын түрдүү кыйынчылыктарга карабай жигердүү жашоого күчтөнүп, умтулганын көрүп, сүйүндүк. Өлкөлөрдүн кайраттуу жана туруктуу болушунда өнүктүрүүдөгү кызматташтык маанилүү деп ишенем. Бул иш сапар биздин колдоо көрсөтүбүз уланышына дагы да себптерди дааналады” – деп Христиан демократтар партиясынын мүчөсү, Тышкы иштер комитенинин өкүлү жана өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү партиясынын расмий өкүлү Гурдун Брунегард айым билдирди.

Делегация Ош шаарындагы Жаратман айымдар жамаатынын катышуучулары менен санариптик трансформация мүмкүнчүлүктөрү боюнча диалогго катышты. Акыркы он жылда БУУӨП жарандарды каттоо, шайлоо системалары, мамлекеттик кызматтар жана билим берүү секторунда бир нече ири демилгелер аркылуу Кыргыз Республикасын санариптештирүү аракеттерине көмөк көрсөтүп келет. 2019-жылдан бери БУУӨП мамлекеттик мекемелерде санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, миңдеген студенттерди санариптик экономиканын акыркы тенденциялары боюнча окутуп келет.

Мындан тышкары, Делегаттар белгилүү жарандык коом уюмдары жана лидер аялдар менен жолугушуп, демократиялык өткөөл мезгилдеги, мыйзам үстөмдүгүн сактоодо жана жаштарга жана аялуу топторго кайрылууда жандуу жарандык коомдун ролун баса белгилешти. “Жаштардын, өзгөчө айымдардын дымагын жана дараметин көрүү кубанычка бөлөдү” – деп, Ясмин Посио айым, Солчулдар партиясынын өкүлү айтты.

Ош шаарына сапарды утурлай, делегаттар БУУ тутумунун агенттиктери жана башка өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жолугуп, Борбор Азия контекстиндеги негизги приоритеттерди жана COVID-19 кийинки интеграцияланган өнүктүрүү чечимдерин талкуулашты.

Миссия ошондой эле Тышкы иштер минстри Руслан Казакпаев менен Кыргыз Республикасыны тышкы иштери жана өнүктүрүүдөгү кызматташтыкты талкуулоо үчүн жолукту. Парламенттин спикери Талант Мамытов менен жолугушууда БУУӨПтүн парламенттк демократияны колдоо жана өлкөдөгү реформалар талкууланды. БШКнын төрайымы менен жолугушууда Шведциялык өкүлдөр демократия жана БУУӨПтүн шайлоого көмөктөшүү, жарандык агартуу жана демократиялык жана ачык өлкө курууда жаштардын ролу талкууланды.

Ошол эле күнү алар Жаратылыш ресурстары, энергетика жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова менен жолугушуп, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары жаатындагы маселелерди жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Андан сырткары, делегация Президенттик администрация өкүлдөрү менен жолугуп, улуттук соцалдык-экономикалык абал, өнүктүрүү үчүн кызматташтыктагы приоритеттер, анын ичинде, Туруктуу Өнүгүү Максаттарын илгерилетип, 2030-жылы толук жетишүү талкууланды.

Делегациянын бир мүчөсү ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын президенти, дагы экөөсү мүчө болгону үчүн, Бишкектеги ЕККУнун Академиясына барышып, анын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн талкуулашты.

15-апрелде делегация сапрын жыйынтыктап, кайтты.

Эскертүү:

Швециялык парламентарийлердин делегациясы кокусунан төрт аялдан турган, бардыгы тең парламенттеги Риксдагдагы Эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөлөрү же орун басарлары болгон https://www.riksdagen.se/en/. Швеция парламентинде аялдар саны жалпысынан 44% түзөт. Бир палаталуу Риксдагда 349 мүчө жана 4% чектен өткөн сегиз партия бар. Сапарга келген төрт эл өкүлү ар кайсы партиялардын өкүлдөрү жана азыр баары бийликке оппозицияда. Кийинки парламенттик шайлоо 2022-жылдын сентябрына белгиленген.

ММК үчүн байланыштар

Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтүн Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы

Ainagul.abdrakhmanova@undp.org

+996770183493

Делегациянын мүчөлөрү:

1) Маргарета Цедерфельдт айым, борборчул партиясы, Тышкы иштер комитетинин мүчөсү жана ЕККУ Парламенттик Ассамблеянын президенти

2) Гудрун Брунегард айым, Христиан демократтар партиясынын мүчөсү, Тышкы иштер комитенинин өкүлү жана өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү партиясынын расмий өкүлү

3) Джанин Алм Эриксон айым, Жашылдар партиясы, Эл аралык өнүктүрүү кызматташтыгынын мурдагы статс-катчысы, Тышкы иштер комитетинин мүчөсү

4) Ясмин Посио айым, солчул партия, тышкы иштер боюнча комитеттин мүчөсү,

5) Хенрик Фредборг Ларсен мырза, БУУӨПтүн Түндүк Өкүлчүлүгүнүн Жетекчиси

6) Кэролайн Åберг айым, БУУӨПтүн Швециядагы кеңсесинин жетекчиси

7) Альберт Аскельюнг мырза, БУУӨПтүн Швециядагы кеңсесинин саясат боюнча адиси