Чолпон-Ата шаарындагы медицина кызматкерлери медициналык калдыктарын башкаруу боюнча билимин өркүндөтүшөт

2021-ж., 19-April

Медициналык таштандыларды башкаруу боюнча тренингге Ысык-Көл райондук ооруканасынын 15 медициналык кызматкерлери катышты. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен медициналык калдыктардын көлөмү Кыргызстанда бир нече эсеге көбөйгөн. Ушуга байланыштуу, БУУнун Өнүктүрүү Программасы COVID-19дан келип чыккан таштандылардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин тез арада изилдөө жана бүткүл өлкө боюнча саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн тренингдерди өткөрүү аркылуу коомдук саламаттыкты сактоо тутумун баалоого жана өркүндөтүүгө жардам берет.

2021-жылдын 4-апрелинде БУУӨП, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын медициналык адистери үчүн Япониянын Өкмөтү тарабынан каржыланган «COVID-19га, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийген социалдык-экономикалык залалдарын четтетүү» долбоорунун алкагында, медициналык таштандыларды башкаруу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге  Ысык-Көл райондук ооруканасынын 15 медициналык кызматкерелери катышты. Тренингдин максаты, COVID-19 пандемиясынын учурунда медициналык таштандыларынын кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу медициналык персоналдын медициналык таштандыларды башкаруу (МКБ) боюнча квалификациясын жаңылоо.  

Тренингдин программасы, саламаттыкты сактоо калдыктарын идентификациялоо, сорттоо, маркалоо, таңгактоо, ички ташуу, зыянсыздандыруу, жок кылуу жана утилдештирүү, жана саламаттыкты сактоо адистеринин күнүмдүк ишиндеги башка зарыл иш-аракеттер жөнүндөгү билимдерге негизделген.   

БУУӨП Долбоорунун координатору Элдияр Сейитказиев төмөнкүлөрдү бөлүштү:

«БУУӨП Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо калдыктарын башкаруунун учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды топтоо үчүн мониторингди жана таасирди баалоону жүргүздү. Долбоордун алкагында саламаттыкты сактоо уюмдарындагы МКБ тутумун балоо куралдары жана калктуу конуштарды жана катуу таштанды полигондорун санитардык-гигиеналык (экологиялык) баалоо куралдары иштелип чыккан. Табылгалардын негизинде биз медициналык персоналды медициналык таштандыларды башкаруу боюнча стандарттуу иштөө процедуларына үйрөтөбүз. Ден-соолукту чыңдоо ассоциациясы менен биргеликте, долбоор, мединалык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн балоо үчүн, тестирлөөдөн тышкары, окуу материалдары иштеп чыгып, МКБ тутуму жөнүндө билимге ээ болду».

Бул тренингге өлкө боюнча 42 мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемесинин 600дөн ашуун кызматкери катышты. Бул иш БУУӨПнын «COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийген социалдык-экономикалык залалдарын четтетүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда жана Япония Өкмөтү тарабынан каржыланып, COVID-19га жооп кайтаруу боюнча комплекстүү жана адамга багытталган чараларга багытталган.

Иш-чарадан көз ирмемдер

Сүрөттөр: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан