СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы Глобалдык Фонд менен БУУӨП ВИЧ менен жашаган балдарга планшеттерди беришти

2021-ж., 29-September

СПИД ке, кургак учукка жана безгекке каршы Глобалдык Фонддун өлкөлүк грантынын алкагында АКШ нын 79488 доллардык суммасына сатылып алынган бул планшеттер балдарды дарылоодо колдоого жана аларга ВИЧ боюнча окутуу үчүн инновациялык куралдарды берүүгө арналган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Республикалык СПИД борборуна   Кыргызстандын бардык аймактарындагы ВИЧ менен жашаган балдар үчүн планшеттерди беришти. СПИД ке, кургак учукка жана безгекке каршы Глобалдык Фонддун өлкөлүк грантынын алкагында  АКШ нын 79488 доллардык суммасына сатылып алынган бул планшеттер балдарды дарылоодо колдоого жана аларга ВИЧ боюнча окутуу үчүн инновациялык куралдарды берүүгө  арналган.

480 ВИЧ-позитивдүү мектеп жашындагы балдар планшет алышат. Бул нерсе Covid-19 пандемиясынын мезгилинде, мектептер жабылган учурда,  онлайн-сабактарга катышууга гана эмес, ошондой эле онлайн-медициналык, социалдык жана психологиялык кеңештерге, окуу программаларга жана ВИЧ жөнүндөгү маалыматтарга жеткиликтүүлүктү алууга жардам берет. Алардын антиретровирустук терапияны (АРТ) алууну кармануусун кубаттоо, аларга ден соолугун сактоосуна, ВИЧ жөнүндөгү маалыматтарды алуусуна жана сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык маселелери боюнча окушуна мүмкүнчүлүк берүү, өз статусун кабыл алууга жана бири бири менен баарлашууга жардам берүү өзгөчө маанилүү. 

Азыркы учурда ЮНИАИДС, БУУӨП жана «Өнөктөштүк тармак» ассоциациясы  уникалдуу ВИЧ боюнча мобилдик тиркеме  иштеп чыгып жатышат, ал орус жана кыргыз тилинде 2021 жылдын аягында жеткиликтүү болот жана ВИЧ ти алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо жөнүндө маалымат берет. ВИЧ менен жашаган балдар өз суроолоруна онлайн-кеңешчилердин жардамы менен жооп ала алышат, өз оорусу жөнүндө жана кантип аны менен жашоо керек экенин көбүрөөк биле алышат, ошондой эле өз ден соолугуна кам көрүүгө активдүү катышыша алышат.

Бул балдардын көпчүлүгү 2000 жылдардын башында медициналык мекемелерде ВИЧ жугузушкан, жана ден соолугунун көйгөйлөрүнөн сырткары алар өздөрүн басмырлангандай жана обочолонгондой сезишет. Алардын ВИЧ позитивдүү статусуна карабастан бактылуу жашоосуна жардам берүү үчүн аларды жашоосундагы бардык чөйрөлөрүндө  колдоо зарыл.

СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан каржыланган БУУӨП нын «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ жана кургак учукту эффективдүү көзөмөлдөө» долбоору жыл сайын өнөктөштөр менен биргеликте ВИЧке байланыштуу маалыматты ачык талкуулоо, стигма жана дискриминация менен күрөшүүнү жана өз статусун кантип кабыл алууну билүү жана теңтуштар менен жолугушуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү үчүн ВИЧ ке чалдыккан балдар жана алардын ата -энелери үчүн жайкы лагерлерди уюштурат. Бирок, Covid-19 пандемиясынын айынан бул иш-чараны 2020 жылы жокко чыгарууга туура келип жана каражаттар балдарды он-лайн колдоо үчүн планшеттерди сатып алууга жумшалды.

БУУӨП жана анын өнөктөштөрү ВИЧ менен жашаган балдарды медициналык, психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам жана ден соолукка байланыштуу маселелер боюнча билим берүү аркылуу активдүү колдошот.

Байланыш үчүн:

Айнагуль Абдрахманова

ainagul.abdrakhmanova@undp.org

+996 770 183 493