ПРООН КАМПАДАГЫ ӨРТТӨН КИЙИН КУРГАК УЧУККА ЖАНА ВИЧКЕ КАРШЫ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ КОЛДОО БОЮНЧА ИШТИ УЛАНТУУДА

2022-ж., 23-June
Testing services

Бишкек, Кыргызстан, 22 июнь 2022 жыл Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) өрттөн анын Бишкектеги кампасы жабыркап, андагы сакталган дары-дармек жана медициналык буюмдар күйүп кеткенин билдирет. Улуттук өрт өчүрүү кызматы өрттү чектөөгө алды, жабыркагандар жок.

«Өрттөн эч ким жабыркаган жок. Учурда, тиешелүү органдар себебин аныктоонун үстүндө иштеп жатат деп ишенебиз. Келтирилген зыянды баалоо менен БУУӨПтүн командасы, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка өнөктөштөр менен чогу ишке ашырылып жаткан ВИЧ жана кургак учуктун улуттук программалары аркылуу алдын алуу жана дарылоо кызматтарынын үзгүлтүккө учурабоосун камсыздоо үчүн иштеп жатабыз. Биздин команда муктаж болгондорго тийиштүү кам көрүү үчүн өз убагында ордун толуктоону камсыздаш үчүн БУУӨПтүн глобалдык камсыздоочулары менен байланышта», — деб Кыргызстандагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен билдирди.

Маалымат үчүн

БУУӨП 2011-жылдан бери Глобалдык Фонддун гранттарын ишке ашырууда Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүп келет. Бул жардам ВИЧ жана кургак учук боюнча улуттук программалардын негизи болуп саналат, ал жыл сайын 30 000ден ашык адамга сапаттуу профилактикалоону, ВИЧ жана кургак учук менен ооруган 6 000ден ашык бейтаптарды диагностикалоону, дарылоону жана кам көрүүнү камсыз кылат. COVID-19 пандемиясынын учурунда ПРООН саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугун жана саламаттыкты сактоо кызматтарынын туруктуулугун жогорулатууга жардам берүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан кошумча колдоо көрсөтүүдө маанилүү роль ойноду.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн ПРООНдун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Абдрахманова 0770 755 776 телефону же ainagul.abdrahmanova@undp.org электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.