Кыргыз Республикасында парламенттик контролду күчөтүү боюнча семинар

2019-ж., 28-September

Бишкекте 27-28-сентябрда Кыргыз Республикасында парламенттик контролду күчөтүү боюнча Эл аралык семинар болуп өттү — өлкөнүн учурдагы өнүгүү этабында бул тема Кыргызстан үчүн өтө орчундуу жана өз убактылуу каралып жаткан тема. Бул семинардын максаты болуп Кыргыз Республикасынын Парламентинин көңүлүн анын контролдук функциясына күчөтүү, иштелип чыгып жаткан жана ишке кире турган көзөмөлдөөнүн процедураларынын жана эрежелеринин жакшырылгандыгы тууралуу маалыматты жогорулатуу; ошондой эле эл аралык өнөктөштөр жана экесперттер менен колдонууга мүмкүн болгон жана эффективдүү механизмдерди изилдөө үчүн өз ара мамилелерди жакшыртуу болуп эсептелет.

Семинар Грузия, Европарламент, Сербия жана Украинын парламентарийлеринин, ошондой эле Улуу Британия, Греция, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жана Өзбекстандын эксперттеринин катышуусу менен өттү, иш-чара БУУӨПтүн «Жарандардын жигердүү катышуусу менен күчтүү парламенттик демократия» долбоорунун алкагында Швейцариянын өнүгүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC) каржылоосу менен өттү.  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Вице-спикери Мирлан Бакиров иш-чаранын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилеп кетти. Анын айтканы боюнча, парламенттин контролдук функциясы мамлекеттик башкарууда, өзгөчө мыйзамдын үстөмдүгү принциптерин сактоо маселелерин, аткаруу бийлиги мамлекетти кантип башкарып жактанын, жарандардын социалдык камсыздоо маселелерин көзөмөлдөөдө маанилүү стратегиялык инструменттердин бири болуп эсептелет. «Парламенттик контроль – саясый процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатууда, мамлекеттик органдардын ачыктыгында жана жарандык коомдун бул процесстерге тартылышынын эффективдүү инструменти", - деп баса белгиледи мырза Мирлан Бакиров.

Семинарда өкмөттүн отчеттуулугуна тартуу, анын чечимдеринин коомго таасир беришине баа берүү жана улуттук жана эл аралык милдеттердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча парламенттер колдонгон жакшы практикалар, ийгиликтүү жана практикалык демилгелер талкууланды.

«Биздин салым чечим кабыл алуу процесстерине жарандардын түздөн-түз катышуусуна жана жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган. Чындыгында, көзөмөлдөө функциясы өкмөттүн транспарентүүлүгүн жана отчеттуулугун күчөттүү үчүн орчундуу мааниге ээ. Демократиянын кайсы гана тутумунда болбосун эффективдүү, инклюзивдүү жана ачык-айкын парламент укуктун үстөмдүгүнүн жана адамдардын мамлекеттик институттар менен биригишинин ачкычы болуп эсептелет», - деп баса белгилеп кетти Вероник Хульманн айым, Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын элчиси.

Семинардын милдеттеринин бири парламенттин контролдук функциясы менен Туруктуу Өнүгүүнүн Макстаттарынын жетишкендиктери менен байланыштыруу, ошондой эле парламенттер 2030 Күн тартибин илгерилетүүдө негизги ролду аткаргандыктан Кыргыз Республикасынын Парламентинин ТӨМдү улутташтыруудагы ролу болуп калды.

“БУУӨП парламентти күчтөндүрүү программасынын дүйнөдөгү ири аткаруучусу болуу менен, туруктуу өнүгүү областындагы максаттардын ишке ашырылышын илгерилетүүгө жана ага көзөмөл жүргүзүүгө жана улуттук диалогдорду жүргүзүү үчүн форумдарды өткөрүүгө жана саясатты иштеп чыгууга 60тан ашык улуттук парламенттерге;  жарандар өз көз караштарын айтууга, коопсуздугун билдирүүгө жана жоопкерчиликти талап кылууга жардам берип келет», - деп белгилеп кетти Луиз Чемберлен айым, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү.

Парламенттер парламенттик комитеттердин жана пленардык отурумдардын иштерин камтып, дебат, билдирүү, суроолор, талаптар, ошондой эле мыйзам долбоорлорун жана бюджеттик процесссти талкулоону колдонуу менен өзүнүн контролдук функциясын ар кандай ыкмалар менен аткарып келет. 

«Парламенттик контроль мааниси боюнча мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк функциясынан кем эмес. Эффективдүү колдонулган контролдук ыйгарым укуктар парламентке өздөрү кабыл алган мыйзамдардын аткарылышын камсыздоого, мыйзамды жөнгө салуунун пробламаларын аныктоого, кызмат орду менен пайдаланууну алдын алууга, өлкөнүн калкынын кызыкчылыгын алдын алууга жана колдоого мүмкүнчүлүк берет», - деди Аида Касымалиева айым, КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары.

Семинарда бир катар рекомендациялар иштелип чыкты. Алардын арасында бюджеттик процесстин үстүнөн көзөмөлдөө, Парламенттик контроль жана ТӨМ, Жарандык коомдун парламенттик контролдогу ролу.

Семинар Парламенттин мүчөлөрү жана  Жогорку Кенештин Аппараты, Өкмөттүн мүчөлөрү, парламенттик контроль процессин колдоого жигердүү катышкан өлкөлөрдүн парламенттери, жарандык коомдун улуттук жана эл аралык уюмдары, ошондой эле учурда контролдук функцияны күчөтүү жана Өкмөттүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн жаңы ыкмаларды түзүүдө, анын ичинде ТӨМдү ишке ашыруунун үстүндө иштеп жаткан БУУӨП, OGP, ЕККУнун жана башка өнөктөштөрдүн практиктери үчүн өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП бул семинарды КР Жогорку Кеңеши, Ачык Өкмөт  (OGP), Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча Бюросу (ДИАУБ), Европадагы коопсуздук жана кызматташуу Уюму (ЕККУ) жана “Адилет” укуктук клиникасы менен бирдикте Швейцариянын өнүгүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC) каржылоосу менен өткөрдү.