Кыргызстан салыктык жеңилдиктердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен өнүгүүсүн тездетиш үчүн аракеттенип жатат

Кыргызстандын Каржылоонун комплексттүү улуттук механизмдери (ККУМ) өкмөткө салыктык жеңилдиктер системасын тартипке келтирүү аркылуу өнүктүрүү пландарын ишке ашырууну тездетүүгө көмөктөшүүдө. Алкак Кыргызстанга каржылоонун жаңы булактарын ачууга жана өлкөнүн өнүгүү артыкчылыктарын каржылоо үчүн мамлекеттик жана жеке ресурстарды бириктирүүгө жардам берет.

2022-ж., 8-June
Joint SDG fund

Joint SDG fund

Кыргызстан биринчи жолу жаңы Салык кодексине салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо талабын киргизди, анда өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн салыктык жеңилдиктер жөнүндө жобо белгиленген. Атап айтканда, инвестицияларды тартуу, экономиканын артыкчылыктуу секторлорун каржылоо жана Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (ТӨМ) артыкчылыктарына жетүү үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү үчүн негиздерди белгилейт.

Бүгүнкү күндө ККУМ БУУнун 2030 күн тартибин жана Туруктуу өнүгүүнүн 17 максаттарын ишке ашыруу үчүн эң күчтүү инструменттердин бири болуп саналат. Кыргызстанда ал улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктары үчүн мамлекеттик жана жеке ресурстарды натыйжалуу, ачык-айкын жана натыйжага багытталган пайдаланууну камсыз кылуу үчүн стратегиялык башкарууну жана каржылоону ТӨМ менен шайкеш келтирүү боюнча өкмөттүн аракеттерин колдойт. Мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы Салык кодексинде салыктык жеңилдиктерди жыл сайын баалоо, алардын өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келишине контрол жүргүзүү талабы белгиленген. Мындай мамиле бийлик органдарына ар бир салык женилдиктерин натыйжалуулугун үзгүлтүксүз баалоого жана аларды улантуу же жокко чыгаруу боюнча тиешелүү жана өз убагында чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарын каржылоо үчүн өкмөткө көбүрөөк киреше чогултууга жана өлкөнүн туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жеке инвестицияларды тартууга мүмкүн болгон жаңы салык жеңилдиктерин киргизүүгө мүмкүндүк берет.

«Кыргызстан жеке инвестицияларды тартууда колдонгон негизги инструменттердин бири бул салыктык жеңилдиктер. Алар масштабы боюнча маанилүү жана алынбай калган кирешенин ИДПнын 5% тегерегинде чыгым болот деп болжолдонууда. Алсак, 2020-жылы ал 32,3 миллиард сомго (болжол менен 404 миллион АКШ доллары) жеткен. Мурунку салык кодексинде салыктык жеңилдиктердин эффективдүүлүгүн баалоо боюнча талаптар жок болсо, жаңы салык кодексинде алар салыктык жеңилдиктерди колдонууга жана алардын өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына таасирин көзөмөлдөө системасын түзүүнү карайт. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн ККУМ эксперттик колдоо көрсөтөт», - деп түшүндүрдү БУУӨПнын ККУМ долбоорунун координатору Жаныбек Ыбраим уулу.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2016-2020-жылдарга ТӨМ үчүн каралган салыктык жеңилдиктерге талдоо жүргүздү, анын жыйынтыгы жеңилдиктердин 40%-ТӨМ 8 – татыктуу эмгек жана экономикалык өсүшкө, 33% ТӨМ 1 - жакырчылыкты жоюуга багытталганын көрсөттү. Бул өкмөттүн ТӨМ максаттарына жетүү үчүн салыктык жеңилдиктер берүү аркылуу экономикалык өсүштү камсыздоого жана жакырчылыкты кыскартууга болгон аракетин көрсөтөт. Саламаттыкты сактоо (ТӨМ 3) жана өнөр жайды өнүктүрүү (ТӨМ 9) тиешелүүлүгүнө жараша 9% жана 8%га жакын жеңилдиктерди алышты. Ден соолук үчүн (ТӨМ 3) 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам жеңилдиктер бир кыйла көбөйдү. Башка ТӨМ ошол эле убакытта жеңилдиктерди 11%-тан азын алган, ал эми билим берүү менен байланышкан экономикалык ишмердүүлүк (ТӨМ 4) болгону эле 0,2%га жакынын алган. Бул ТӨМ 4ке жеке инвестицияларды тартуу үчүн салыкты жеңилдиштирүүчү инструментин колдонулушу мүмкүндүгүн билдирет. Бул өлкөнү квалификациялуу улутка жана экономикалык өсүүгө алып келүү мүмкүнчүлүгүн түзөт

ККУМ Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо методологиясын жаңыртууга көмөк көрсөтөт. Методология туруктуу өнүгүү критерийлерин киргизүү, аны УӨМ/ТӨМ артыкчылыктарына шайкеш келтирүү жана андан ары баалоо үчүн зарыл маалыматтарды чогултуу үчүн колдонулган салык формаларын өркүндөтүү аркылуу бекемделет. Бул иш-чаралар Бириккен Улуттар Уюмунун ТӨМ Биргелешкен Фонду тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасында БУУӨП менен ЮНИСЕФ тарабынан биргелешип ишке ашырылган ККУМ демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Бул өнөктөштүк 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык Күн тартибин ишке ашырууда БУУ тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу колдоосунун уландысы болуп саналат.

Салыктык жеңилдиктер боюнча толук маалыматты, анын ичинде Кыргызстанда акыркы беш жылдагы ТӨМ тарабынан берилген салык жеңилдиктер көрсөтүлгөн таблицаны биздин басылмадан таба аласыз.