Кыргызстандын аймактарынан 200дөн ашуун адам өнүгүүнүн инновациялык идеялары боюнча тажрыйба алмашышты

2021-ж., 16-March

“Жамааттарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун жогорулатуу” онлайн семинарлары Кыргызстандын аймактарынан келген 200дөн ашык новаторлорду камтыды.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Акселератор лабораториясы Кыргызстанда «Жамааттарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун жогорулатуу» онлайн семинарларын өткөрдү. Иш чаралар 2021-жылдын 10-марттан 11-мартка чейин болуп өттү. Бул демилгени БУУӨПтүн Кыргызстандагы Акселераторлор лабораториясы жана БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасында санарип экономиканын шартында жаштарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн санариптик жөндөмдөр жана мүмкүнчүлүктөр” долбоору Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

2 күндүн ичинде 200дөн ашуун адам онлайн семинарларга катышты. Семинарлар кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлдү. Иш чаранын негизги максаты, катышуучуларга өлкөнүн аймактарында колдонулуп келе жаткан инновациялык жана технологиялык өнүгүү чечимдери жөнүндө маалымат берүү болду. Семинардын биринчи күнүндө стратегиялык изилдөөлөрдүн башчысы Виктория Петрова жана чечимдерди карталоо боюнча башчысы Урмат Такиров БУУӨПтүн Акселератор лабораториясынын негизги принциптери менен тааныштырышты.

Катышуучулар жана спикерлер жамааттык интеллект идеясын талкуулап, "ойлонуу" жана "алсыз сигналдарды сканерлөө" деген эмне экендигин билишти; өз жамааттарды мобилизациялап, аларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырып жаткан мекендештерибиздин окуяларын жана ийгиликтүү иштерин укту.

Баяндамачылардын катарында жарандык активист жана Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева, "Дем" платформасынын негиздөөчүсү Ахмет Макаев, "Элим, Барсыңбы?" төрагасы Айдар Кубанычбеков, "Лидерство" ыктыярчылардын уюмунун төрагасы Анастасия Стыценко, "Жылдыз академиясы" IT мектебинин негиздөөчүсү Тимур Моун жана башкалар болду.  Баяндамачылардын презентациялары бул жерде жана бул жерде.

Көбүрөөк адамдар менен байланышта болуу үчүн, иш-чара Фейсбук аркылуу түз эфирге чыгарылды.

Иш-чаралар теориялык жана практикалык бөлүктөрдөн турду. Семинарлардын биринчи бөлүгүндө баяндамачылар өз баяндамаларын жасашты жана катышуучулардын суроолоруна панелдик дискуссия форматында жооп беришти. Ал эми экинчи бөлүгүндө, катышуучулар спикерлер менен биргеликте, Mural платформасында жамааттарды өнүктүрүү боюнча идеяларды жаратышты.

Семинарларда катышуучулар өлкөнүн аймактарындагы көйгөйлөрдүн контексттери жөнүндө көбүрөөк биле алышты жана ар кандай тармактын адистери менен ачык талкуулар аркылуу мүмкүн болгон чечимдердин идеялары менен шыктандырышты. Кийинчерээк семинардын айрым катышуучулары жана спикерлери Бишкек шаарында 2021-жылдын 13 жана 14-мартында болуп өткөн #ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр онлайн хакатонуна катышышты.

Айрым катышуучулар жана баяндамачылар кийинчерээк #ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр онлайн-хакатонуна катышышты

БУУӨПтүн Акселератор Лабораториялары жөнүндө

Акселератор лабораториялары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын демилгеси менен Катар Өнүктүрүү Фонду жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги менен биргеликте ишке киргизилген. Акселератор лабораториялары 21-кылымда туруктуу өнүгүүнү элестетип, иш жүзүндө түшүнүк түзүү үчүн жергиликтүү инновацияларды колдонууга багытталган. Акселератор лабораториясынын Тармагы бул 116 өлкөдөгү 92 Акселератор Лабораториялар, анын ичинде Кыргыз Республикасында жаңы ачылган лабораторияны камтыган эң ири жана тез өнүгүп келе жаткан билим жана өнүгүү тармагы.

Дүйнөлүк билим тармагынын мүчөсү катары, 2020-жылдын аягында БУУӨПтүн ички каржылоосу менен ачылган Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Акселераторлор лабораториясы, өлкөбүздүн өнүгүү көйгөйлөрүн талдоодон келип чыккан ачылыштары жана идеялары менен үзгүлтүксүз бөлүшүп турат.

Медиа байланыштар:

Чынтемир Калбаев,

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Байланыш боюнча жардамчысы

+996775767605

chyntemir.kalbaev@undp.org