Кыргызстандагы чыгармачыл тармактардын биринчи фестивалы БУУОПтун колдоосу менен өттү

2022-ж., 26-April

БИШКЕК, Кыргызстан, 23 апрель, 2022 - өлкөнүн креативдүү экономикасын жана чыгармачыл адамдардын бүтүндөй коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо максатында чыгармачылык жана инновациялар жумалыгынын алкагында өткөн CREATE4KG креативдүү өнөр жайларынын биринчи фестивалына миңдеген адам катышты.

Фестивалга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, өзүнүн ачылыш сөзүндө баса белгиледи: “Креативдүү экономика – өлкөнүн өткөн тарыхына, салт-санаасына жана байыртадан бери топтолгон тажрыйбасына негизделген мезгилдин талабына ылайык баалуулуктарга жаңы дем жана жаңы түс берип, жаратмандык аркылуу кыргыз элинин туруктуу өнүгүүсүнүн ишенимдүү жолу.”

Креативдүү экономиканы мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнүн мааниси жарлыкка кол коюу менен дагы бекемделди " Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө " президент Садыр Жапаров менен ушул иш-чарада айтылды. Жарлыкка ылайык, креативдүү экономика республиканын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган. Президент Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү, креативдүү тармактардын классификациясын аныктоо жана креативдүү индустриялар паркын түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Фестивалдын негизги максаты - кеңири аудиторияга заманбап реалдуулукта алардын жөндөмүн жана чыгармачылыгын монетизациялоонун мүмкүнчүлүктөрүн жана жолдорун көрсөтүү. Иш-чара БУУӨПдун Accelerator Laboratory, Кыргызстандын Креатив индустриялар ассоциациясы, CODIFY IT-компаниялар тобу, Кыргызпатенттин жана OLOLO чыгармачыл хабдар тармагы тарабынан уюштурулган.

“Креативдүү экономика – бул уникалдуу жана динамикалык сектор, ал децентралдаштырылган киреше алып келүүчү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана бул инклюзивдик, социалдык ынтымактуу коомду өнүктүрүүгө жардам берет, адамдарды өнүктүрүү иштелишинин борборуна өзүнүн таланттары менен көндүмдөрүн коюп, бардык чек аралар жана бөлүмдөр аркылуу кызматташууга чакырат. “ Санариптик технологиялардын аркасы менен биз дагы көптөгөн адамдарды чыгармачылыкка тартууга жана жергиликтүү авторлор чыгарган товарлардын жана кызматтардын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алдык.” – деди БУУӨПдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен.

“Креативдүү өнөр жай ассоциациясынын мүчөлөрү жана өлкөнүн прогрессивдүү чыгармачыл бөлүгү Кыргызстан Борбор Азиядагы креативдүү экономиканын лидери болот деген кыялдар менен жашап жатышат,” - деди Чыгармачыл өнөр жай Ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаева.

Фестиваль Кыргызстандагы ар кайсы курактагы, чыгармачыл тармактарга тартылган же кызыккан катышуучулар катышкан биринчи масштабдуу аянтча. Кыргызстан, АКШ, Россия жана Казакстандын IT, санариптик кесиптердин, көркөм өнөр жана башка чыгармачылык чөйрөлөрүнүн ийгиликтүү өкүлдөрү өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.  

####

Кайрылуу үчүн:

Айпери Алымбекова, Байланыш адиси, БУУӨП тел: 0778 11 99 91, email: aiperi.alymbekova@undp.org