Кыргызстандагы БУУӨП аймактардагы пробация органдарынын кызматкерлеринин дараметин арттырууда көмөктөшүүнү улантууда

2021-ж., 19-May

"Пробациянын кардарлары арасында экстремизмди, терроризмди жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу" темасында тренингдердин экинчи раунду

Каракол, 2021-жылдын 19-майы – Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине аймактардагы пробация органдарындагы кызматкерлердин дараметин арттырууда көмөктөшүүнү улантууда.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин астындагы Пробация департаменти Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте жана Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн («Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» (STRIVE Asia, ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгү)) долбоорунун колдоосу астында аймактардагы пробация органдарынын кызматкерлерине жана экстремисттик кылмыштары жана үй-бүлөлүк зомбулук үчүн соттолгон пробация кардарларына "Пробациянын кардарлары арасында экстремизмди, терроризмди жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу" темасында тренингдердин экинчи раундун өткөрүүдө.

Үч күндүк тренингдин ишине Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактык пробация органдарынын 20 кызматкери катышууда. Иш-чаранын максаты - пробация органдарындагы кызматкерлеринин экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы туруу, террористтик жана башка топторго аралашууну болтурбоо, натыйжалуу иштөө үчүн пробация кардарларынын социалдык-психологиялык портретин түзүү жана пробация институтунун ишиндеги башка маанилүү аспектилер боюнча билимин өркүндөтүү.

Муну менен кошо эле диний экстремизм жана терроризм кылмыштары боюнча соттолгон пробация кардарлары менен профилактика иш чаралары өттү, анда Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний агымдар, улуттук мыйзамдардагы диний касчылыкты козутуу боюнча жоопкерчилик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу кенен маалыматтар берилди.

Карыбек кызы Рахат, Нарын районунан катышып жаткан башкы адис: «Соттолуп чыккан кардарларды кайра коомго аралаштыруу, үй-бүлөсү жана бир туугандары менен карым-катнаштарын калыбына келтирүүдө жардам беребиз. Колунда жок, көп-балалуу бүлөлөргө гуманитардык жана материалдык жардам көрсөтүп, ишке орношуу, билим алуу, ал тургай, окуу учурунда стипендия алуудан да көмөктөшөбүз. Оңолуу жолуна түшкөнгө салым кошобуз» - деп билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, пробация бул – пробация кардарларына мамлекеттик чаралардын жыйындыларын колдоно турган, алардын социалдык-укуктук программаларга өз каалоосу менен катышкан учурда коомдук таасир берүүчү

мамлекеттин социалдык-укуктук институт. Бул программалар адамдарга жекече социалдык изилдөө жүргүзүлгөндүн негизинде иштелип чыгат жана алар пробация кардарларынын оң жолго түшүүсүнө, мыйзам бузууларынын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана алардын жаңы коомго ылайыкташышы үчүн чараларды көрүүгө багытталган.

2019-жылы ишке кирген Кыргыз Республикасынын “Пробация тууралуу” Мыйзамы Кыргызстан үчүн жаңы институт - “пробация” үчүн укуктук негизди жаратты. 2021-жылдын 17-майына карата Пробация департаментинин статистикалык маалыматына ылайык республикада экстремизм линиясы боюнча пробация органдарында 120 адам каттоодо турат.

Намазбеков Эрнист Ысык-Көл жана Нарын областарынын аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси: «Азыркы тапта Ысык-Көл жана Нарын областарынын аймак аралык башкармалыгы боюнча бардыгы болуп 743 адам катталган, алардын ичинет тогузу экстремим жана терроризм боюнча соттолгондор. Алар менен биздин кызматкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана дин өкүлдөрү менен чогу, үйлөрүнө чейин кыдырып, профилактикалык иш-чараларды өткөрөт. Социалдык укук жактан жардам беришет.   Бул тренингге тажрыйбалуу кызматкерлер да, жаңы келгендер дагы катышууда, алар үчүн дин жаатында билимин арттырып, экстремисттер деген ким, террористтер деген ким дегенди үйрөнүп алып, иш жүзүндө туура иш алып барышат деп ойлойм».

Мына ушундай эле тренинг 2021-жылдын апрель айында БУУӨПтүн колдоосу астында Ош шаарында да өткөн. Андан мурун Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарларында жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан 6 аймактык борборлорду жабдуу боюнча техникалык колдоо көрсөтүлгөн болчу.

Бул иш-чараларды колдоо ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган БУУӨПтүн «Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу (STRIVE Asia)» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Сүрөттөргө шилтеме:  https://flic.kr/s/aHsmVGew4Z

***

Медиа үчүн байланыш: 
Нуржан Алымканова
коммуникациялар боюнча адис. 
nurzhan.alymkanova@undp.org