Зомбулукка кабылгандардын 95% аялдар, алардын басымдуу бөлүгү жашы 30га жете элек

2022-ж., 3-June

Бул тууралуу 3-июнда  “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столунда айтылды. Анын жүрүшүндө юристтер үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөргө кеңири талдоо берилип,  жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Иш-чарада юристтер зомбулуктан жабыркаган аялдар боюнча мониторинг менен бөлүштү. Анда зомбулукка кабылгандардын 95,2% аялдар  экени, алардын 33% 31- 40 жаш, 32% 30 жашка чыга элек аялдар экени айтылды. 

Тегерек столдо ушул тапта иштеп жаткан мыйзам зомбулуктан жабыркаган адамды жолдошу же үй-бүлө мүчөлөрүнөн гана коргойт жана коргоо ордерин иштетүү боюнча кемчиликтер бар экени белгиленди. Ошондой эле,  мыйзамда Балдардын укуктары боюнча конвенцияга карама-каршылыктар камтылганы да айтылды.

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү  киргизүүнүн демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова  мыйзам долбоорун кабыл алуунун негизги себеби катары, аялдын мамлекет тарабынан колдоого алынбай, коомчулуктун кысымына кабылып жатканы экенин айтты.

«Мен көп жылдар бою зордук зомбулук көйгөйү  менен иштеп,  бул маселеде  укук коргоо органдарынын иш аракетин жакшы билем.  Бүгүнкү күндө  зомбулукка кабылып, оор кырдаалда турган  аялдарга көбүрөөк колдоо керек”, - дейт Динара Ашимова.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-Чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеш ЕБ-БУУнун “Теңдик Нуру” долбоорунун демилгеси менен биргеликте өттү.

Зордук-зомбулуктан жапа чеккен кыргызстандык аялдардын жана кыздардын ден соолугуна, кадыр-баркына жана жашоосуна коркунуч туудурган коопсуздук маселесин чечүү үчүн биз бүгүн баарыбыз чогулдук. Бул тегерек стол 2021-жылдын ноябрында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аларга каршы аракеттенүү боюнча чечимдерди күчөтүү максатында мыйзамдарды карап чыгуу боюнча жемиштүү жолугушуудан кийин өткөрүлдү. Ошондон бери мыйзам долбоору жарандык коом уюмдарынын, эл аралык уюмдардын эксперттеринин, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында кеңири талкууланууда. Ал буга чейин Юстиция министрлигинин жана башка тиешелүү улуттук платформаларда депутат айымдардын жана коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн форумунда сунушталган.” – деп билдирди Луиз Чемберлен, БУУӨПтун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү.

БУУӨПтун техникалык колдоосу менен 2021-жылдын ноябрында кабыл алынган жаңы кылмыш-жаза мыйзамдарын комплекстүү талдоо үчүн иштелип чыккан сунуштар тирүү калгандарды коргоону жана коопсуздугун бекемдөө максатында учурдагы мыйзам долбоорун маалымдайт. Талдоо ошондой эле жаңы кодекстерди үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана коргоо жаатындагы мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган сунуштарды берди.

СТАТИСТИКА: 2-июнда Сузакта 39 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду.  Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган. Акыркы жылдары үй-бүлө зомбулугу жана андан жабыркаган аялдардын маселеси коомчулукту тынчсыздандырууда.

 

Суроолор боюнча Айнагуль Абдрахмановага кайрылса болот

ainagul.abdrakhmanova@undp.org же +996 770 183493