Жаратылыш кырсыктарын алдын ала эскертүү боюнча автоматташтырылган метеостанция “Долон” ашуусуна орнотулат

2020-ж., 7-July

Электрондук жабдуу буга чейин Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берилген. Кийинки кадам Долон ашуусунда метеостанциянын курулушу болмокчу. Сүрөт: ПРООН Кыргызстан.

Өлкөдө жаратылыш кырсыктары жөнүндө алдын ала эскертүүнү жакшыртуу максатында КРдагы БУУнун Өнүктүрүү программасы КРнын ӨКМне караштуу Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттигине автоматташкан метеостанция жана компьютердик жабдууларды берет. Жардамдын жалпы суммасы 56,786 АКШ долларын түзөт. Көмөк көрсөтүү “Кыргыз Республикасында тобокелчиликти комплекстүү башкаруу потенциалы жана Борбордук Азияда регионалдык кызматашуу” долбоорунун алкагында Япониянын финансылык колдоосу менен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасы бир топ деңгээлде жаратылыш катаклизмаларына жана стихиялык кырсыктарга туш болуп турган региондо жайгашкан.  Жаратылыш кырсыктары республикабыздын көп бөлүгү тоолуу аймакта жайгашкандыгына байланыштуу тез-тез кайталанып турат. Ошондой эле, гидрометеорологиялык шарттарга байланышкан кырсыктардын өсүп баратканы да байкалат. Белгилей кетүүбүз керек, өлкөдө болуп турган өзгөчө кырдаалдардын көпчүлүгү экстремалдык метеорологиялык көрүнүштөр менен байланышкан, алар, интенсивдүү жаан-чачындар, үшүк жүрүүлөр, ж.б., бул өлкөнүн экономикасына көп зыян алып келет.

Кооптуу гидрометеорологиялык кырдаалдар жөнүндө өз учурунда эскертүү жана зарыл болгон чараларды кабыл алуу жаратылыш кырсыктарынын коркунучун азайтат, адам курмандыктарын жана экономикалык зыянды болтурбайт.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы БУУ Өнүгүү программасы метеорологиялык тейлөөнү жакшыртуу зарылдыгын эске алуу менен, анын ичинде, реалдуу убакытта аба ырайынын шарттарын мониторинг кылуу үчүн КР ӨКМне караштуу Гидреметеорология боюнча агенттикке автоматаштырылган метеостанцияны   жана  офистик  компьютердик жабдууларды жалпы 56,786 АКШ доллары суммасында берет.  Автоматаштырылган метеостанция “Долон” ашуусуна орнотулат, анда азыркы учурда БУУнун Өнүгүү Программасы шериктештери менен биргеликте кар көчкү станциясын куруу боюнча иштерди аткарып жатат.

Бул жардам “Кыргыз Республикасында тобокелчиликти комплекстүү башкаруу потенциалы жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу” долбоорунун алкагында көрсөтүлүп жатат жана Япониянын өкмөтү каржылайт. Бул метеорологиялык байкоолорду модернизациялоого жана гидрометеорологиялык маалыматтарды берүүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле, ресурстарды эффективдүү бөлүштүрүүгө жана тобокелчилик факторлорун башкарууну жакшыртууга өбөлгө түзөт.