БУУӨП Жаштар программасы – 2022ге ыктыярчыларды кабыл алууну баштайт

2022-ж., 3-February

БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү коммуникация, айлана-чөйрө, тынчтык жана адилеттүүлүк, социалдык-экономикалык өсүш жана инновациялар тармагында интенсивдүү кызматташуу үчүн активдүү жана мотивациялуу жаштарды издөөдө.

Биз Кыргызстандын 18 жаштан 28 жашка чейинки активдүү жаштарын ыктыярдуу негизде төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга чакырабыз:

• Коомчулук менен байланыш, анын ичинде SMM;

• Административдик жана программалык иш-чаралар жана колдоо;

• Жаштар үчүн иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.

Тандалган ыктыярчылардын иш багыттарына бөлүштүрүлүп, тиешелүү тренингдерден өтүп, БУУӨПтүн иш-чараларына колдоо көрсөтүп жана биздин программаларга жаштардын катышуусун жогорулатуусу күтүлүүдө.

Талаптар:

• Кыргыз Республикасынын жараны болуу жана өлкөдө физикалык түрдө жашоо;

• 18 жаштан 28 жашка чейин болуу;

• Жумасына 5 сааттан 12 саатка чейин бош убактысы болуу;

• Смартфон же компьютер/ноутбук аркылуу интернетке туруктуу кирүү мүмкүнчүлүгү;

• Дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү үчүн күчтүү каалоонун бар болуусу талап кылынат.

Өтүнмө жиберүү эрежелери:

• Өтүнмөлөр бул Google формасы аркылуу гана кабыл алынат;

• Өтүнмөгө ыктыярчылык, стажировка, жумуш боюнча мурунку тажрыйбаны сүрөттөгөн резюме тиркелиши керек. Эгерде андай тажрыйба жок болсо, анда баары бир өтүнмө жибериӊиз - биз талапкерлердин мотивациясын баалайбыз;

• Өтүнмөлөр 15-февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

*Жаштар программасы - БУУӨПтүн ыктыярчылар программасы, мында катышуучулар климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык-экономикалык өсүш, тынчтык жана адилеттүүлүк сыяктуу уюмдун артыкчылыктуу багыттары боюнча өз потенциалын жогорулатып, аны ишке ашыра алышат. Бул жылы программа өткөн жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан насаатчылардын/ менторлордун катышуусунда өткөрүлөт.

** Жаштар программасы ар кандай изилдөөлөр боюнча аялуу болгон жана ресурстарга, анын ичинде окутууга, потенциалды жогорулатууга жана коомдук ишмердүүлүккө аралашууга мүмкүнчүлүгү аз болгон жаш жарандардын потенциалын колдоого жана жогорулатууга багытталгандыктан, катышуучулардын жашы чектелген.

Жаштар программасы боюнча бардык суроолор төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: chyntemir.kalbaev@undp.org

Жумуш жүгү

Тандалган волонтерлор Жаштар Программасы – 2022ге жумасына 20 саатка чейин бөлүү менен Коммуникация бөлүмүнүн түздөн-түз көзөмөлүндө өз милдеттерин аткарышат.

Ыктыярчылыктын артыкчылыктары

БУУӨП волонтердук иш үчүн эмгек акы төлөбөйт, бирок эл аралык кесипкөй чөйрөдө окууга жана үйрөнүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздайт. Жаштар программасы – 2022ни ийгиликтүү аяктаган талапкерлерге сертификаттар, сунуштама каты жана Программанын кийинки туру үчүн артыкчылыктуу насаатчы статусу берилет.

Теӊ мүмкүнчүлүктөр

БУУӨП гендердик, улут жана маданият жагынан ар түрдүүлүккө жетишүүгө умтулат. Өтүнмөлөрдүн этникалык азчылык топторуна, диний азчылыктарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана башка өкүлчүлүгү аз топторго таандык адамдардан болуусу күтүлөт.