БУУӨП жана СКЗЭ Кыргызстандын 270 окуучусу үчүн климаттын өзгөрүүсү боюнча Жаштар кербенин өткөрдү

2021-ж., 22-October

Кара Балта шаарынан Жаштар кербенинин катышуучусу. Сүрөт: Святослав Лыхин / БУУӨП Кыргызстан

БУУнун Өнүктүрүү программасы "Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн" уюму менен биргеликте "Жаштар кербенинин" биринчи бөлүгүн Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында өткөрдү. Кербендин максаты - жаштардын климаттын өзгөрүүсүнүн таасири тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана аларды аракетке чакыруу, ошондой эле гендердик стереотиптер жана жаштар үчүн санариптик жөндөмдөр тууралуу маалымат берүү.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жардамы менен Балыкчы шаарындагы Ч. Айтматов, Кочкор айылындагы и.Арабаев атындагы орто мектептеринде жана ошондой эле Кара-Балта шаарындагы атындагы А.С.Макаренко мектеп интернатында өттү. Жаштар кербенине жалпысынан 270 мектеп окуучусу катышты.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси Эркинбек Касыбеков төмөндөгүлөрдү айтты: “Климаттын өзгөрүшү Кыргызстан үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн өзгөчө кырдаалды жаратууда. Учурда Кыргызстан Париж келишимине ылайык 2030 -жылга чейин глобалдык температураны 1,5 градуска чейин сактоону убада кылууда. Бул убадага жетүү үчүн бардык тараптар, айрыкча жаштар, мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар жана жеке компаниялар биргелешип иштеши керек».

Иш-чаралар БУУӨПтүн колдоосу менен ачылган жаштар борборлорунда жана мектептерде өттү. Окутулган катышуучулар келечекте өз тажрыйбалары менен теңтуштары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу күтүлүүдө.

“Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук уюмунун аткаруучу директору Омар Даиров мындай деди: «Жаштар кербени - кичинекей кыргызстандыктардын кызыгуу менен күйүп турган көздөрү, алар энтузиазм менен угушат жана азыркы коомдун глобалдык экологиялык жана гендердик проблемаларын талкуулашат. Биз кербен улуттук популярдуулукка ээ болот жана жыл сайын жаш башталгыч изилдөөчүлөр кербенге кошулуп, жаш жана билимге умтулган мектеп окуучуларына заманбап коомдун көйгөйлөрү жөнүндө айтып, аларды чечүүнүн биргелешкен жолун табат деп терең ишенебиз".

Мындан тышкары, тренингдик иш-чаралардын жыйынтыгында уюштуруучулар бардык региондордон келген катышуучулар мындан ары маалымат алмашуу жана теңтуштар боюнча билим берүү тармагын түзүү үчүн чогула турган аянтча түзүүнү пландап жатышат.

"Жаштар кербенинин" экинчи бөлүгү Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас аймактарын камтыйт жана 2021-жылдын 1-ноябрынан 8-ноябрына чейин болот деп пландаштырылган. Төмөндөгү таблицаны караңыз:

1-ноябрь 2021-ж.

Исфана шаары, Баткен обл.

3-ноябрь 2021-ж.

Чек-абад айылы, Ош обл.

4-ноябрь 2021-ж.

Нариман айылы, Ош обл.

5-ноябрь 2021-ж.

Сузак айылы, Жалал-абад обл.

6-ноябрь 2021-ж.

Базар-Коргон айылы, Жалал-абад обл.

8-ноябрь 2021-ж.

Кара-Буура айылы, Талас обл.

Кызыкдар тараптар катышуу үчүн алдын ала 0775767605 номерине чалышы керек. Уюштуруучулар жол кирени уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырышат.

Сүрөттөр төмөндө:

Балыкчы шаары

Кочкор айылы

Кара-Балта шаары

Медиа байланыштар

Чынтемир Калбаев

БУУӨПтүн байланыш боюнча жардамчысы

+996775767605

chyntemir.kalbaev@undp.org

Кербенден көз ирмемдер

Сүрөттөр: Святослав Лыхин / INDP Kyrgyzstan