БУУӨП жана Жапония жаӊыдан көбөйүп жаткан COVID-19га каршы Кыргызстандын аракетин күчөтүүгө жардам берет

2020-ж., 22-October

Г-н Иджуци Сатоши, второй секретарь посольства Японии в Кыргызской Республике (слева) и г-н Болот Майканаев, директор Национального центра борьбы с туберкулезом Кыргызской Республики вскрывают упаковку респираторов на церемонии передачи. Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН в Кыргызстане

22-октябрь, Бишкек – Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы өлкөнүн пандемияга каршы күрөшүүсүн колдоону улантууда. Бүгүн жалпы суммасы 115,814 миӊ АКШ долларын түзгөн респираторлор топтому Улуттук фтизиатрия борборуна өткөрүлүп берилди. Бул каражаттар «Кыргыз Республикасындагы COVID-19 пандемиясына инклюзивдүү жана ар тараптуу жооп кайтаруу жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу» долбоорунун алкагында сатып алынган. Долбоор Жапония Өкмөтү тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 1 миллион 200 миӊ АКШ долларын түзөт жана БУУӨПтүн пандемияга каршы иш-чараларын кеӊейтүү жана анын кесепеттери менен күрөшүүгө багытталат.

«Кыргызстанда COVID-19 кайрадан тез өсүп баратат, андыктан анын кышкы убакта жайылуусуна даярдануу зарыл. Учурда пандемиянын акыркы сегиз ай ичинде кыргыз коомчулугуна жана экономикасына тийгизген эбегейсиз чоӊ залакасынан кийин калыбына келтирүү жана ошондой эле бул кырдаалды келечектеги өнүгүү нугуна буруу абдан маанилүү болуп турат», - деп айтты Сигэки МАЭДА, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси.

«Бул негизде Жапония БУУӨПтүн демилгесин колдоого алып, 1 миллион 200 миӊ АКШ долларын саламаттык сактоо тармагын бекемдөө, социалдык жана экономикалык туруксуздуктун алдын-алуу жана жумуш ордун түзүүгө көмөктөшүү үчүн бөлүп берди. Жапония коронавирус кризисин жеӊүү максатында эл аралык уюмдар менен кызматташууну улантмакчы», - деп кошумчалады элчи мырза.

«Биз саламаттык сактоо тутумун бекемдөө жана коронавирустан улам келип чыккан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир катар иш-чараны өткөрөбүз. Биздин максат - COVID-19 пандемиясынын ар кыл кесепеттерине жана башка ушул сыяктуу апааттарга туруктуулугун жогорулатуу», - деп айтты Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү.

БУУӨП жакырчылыктан келип чыккан адилетсиздикти жоюу, теӊсиздик жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча БУУнун алдыӊкы уюму болуп эсептелет. Дүйнөнүн 170 өлкөсүндөгү адистер жана кеӊири өнөктөштөр тармагы менен иштеп, биз адамдар жана планета үчүн комплекстүү жана узак убакыттуу чечимдерди табууга көмөктөшүп келебиз. 

Тапшыруу иш-чарасы учурундагы көз ирмемдер