БУУӨП АИВ менен жашаган адамдарга, кургак учук менен ооруган бейтаптарга жана калктын негизги топторунун өкүлдөрүнө азык-түлүк топтомдорун таратууда

2020-ж., 14-December

Склад проекта ПРООН / Глобального фонда. Фото: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

БУУӨП/Глобалдык фонд долбоорунун алкагында АИВ менен жашаган адамдарга, кургак учук менен ооругандарга жана  татаал турмуштук кырдаалга туш болгон өзгөчө муктаж коомунун мүчөлөрүнө 2577 азык-түлүк топтомдору таратылган.  Ошондой эле долбоор, Covid-19 пандемиясы учурунда толук кандуу тамактануу мүмкүндүгүн жана жашоо үчүн коопсуз мейкиндикти берүү үчүн жатаканаларда жана шелтерлерде жашаган коомдун өкүлдөрү үчүн тамактанууну колдойт. 

Covid-19 пандемиясы жана ал алып келген финансылык кыйынчылыктар, АИВ менен жашаган адамдарга, кургак учук менен ооругандарга жана калктын негизги топторунун аялуу топторунун өкүлдөрүнө  катуу таасир тийгизди, бул жатаканаларга жана шелтерлерге, социалдык колдоого муктаждыкты жогорулатууга алып келди.   

«БУУӨП биздин жатаканада жашаган 10 адамдын курсагын тойгузууга жардам берип жатат, - дейт “Зыянды азайтуу  тармагы” Ассоциациясынын жана инъекциялык баңгизаттарды колдонгон адамдар үчүн жатакананын директору  Сергей Бессонов.   «Жаңы пандемиянын жана өзгөчө кырдаалдын кесепетинен, күнүмдүк жумушу бар жана жатаканаларда же хостелдерде жашаган адамдар иштеген жумушун жана жашаган жерин жогото башташты.  Биз аларды өзүбүздүн шелтерде кабыл алып жаттык, бирок бизде каржылоонун булагы жок эле. БУУӨПтүн жардамы негиздүү. Биздин кардарларда жакшы тамактанууга мүмкүнчүлүгү бар, бул ден соолукта  калуу үчүн абдан маанилүү.  Мындай баш калкалоо жайлары болбосо, аларды камакка алуу тобокелдиги жогоруламак, анткени адамдар бир жерде жашаш керек, бир нерсе менен тамактануусу керек, ал эми алар көчөдө жашашса,   алар кылмышка баруусу ыктымал».

БУУӨП октябрда алгачкы 1032 азык-түлүк топтомдору, ал эми декабрдын башында дагы 1545 куту таратылды.   Ар бир азык-түлүк топтому 15 кг продуктту камтыйм (акшактардын түрлөрүн, макарон, ун, шекер, май, чай ж.б.). бул жардамды алуучулар АИВ жана КУ боюнча программалардын муктаж болгон кардарлардын ичинен бейөкмөт уюмдары тарабынан тандалып алынышкан.   

Бул жардам КИЖС, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү үчүн глобалдык фондунун Covid-19га чара көрүүгө кошумча механизминин (CRM19) алкагында көрсөтүлгөн.   Ал жаңы пандемиянын АИВ жана кургак учук боюнча программаларга тийгизген терс таасирин жумшартууга  жана Covid-19дан келип чыккан кыйынчылыктарга карабастан алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо боюнча кызматтардын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга багытталган. 

Продуктовые наборы для клиентов проекта. Фото: Эркин Апильбек / ПРООН Кыргызстан