БУУӨПтүн колдоосу менен Консулдук бөлүм Россия Федерациясындагы КР жарандарына мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртты

2022-ж., 20-April

Бишкек, 2022-жылдын 20-апрели – Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Москва шаарындагы Консулдук кызматына Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында техникалык колдоо көрсөттү.

Техникалык колдоо COVID-19 пандемиясынын жайылышынан улам кабыл алынган чектөөлөрдүн шарттарында, биротоло же убактылуу чет өлкөдө жүргөн КР жарандарынын мекенине барууларынын санын бир топ кыскарткан себептүү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусунун негизинде көрсөтүлдү. Чектөөлөр ар кандай документтерди тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүнө консулдук кызматтарды алуу боюнча кайрылуулардын санын бир нече эсеге көбөйткөн.

Бул өсүш өзгөчө Россия Федерациясынын аймагында байкалды. Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды эсепке албаганда, 2020-жылы 737 миңден ашык Кыргыз Республикасынын жараны миграциялык каттоодо турган. Документтерди иштеп чыгуу, даярдоо жана берүү боюнча консулдук бөлүмдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн Элчилик тарабынан бул бөлүмдүн имаратынын аянты кеңейтилген.

2021-жылдын декабрь айында консулдук бөлүмдүн оңдоп-түзөөдөн өткөн жайларында мекендештерибизге кызмат көрсөтүү үчүн сканерлер, компьютерлер, принтерлер, видеокамералар жана фотоаппараттар тапшырылды. Жаңы жабдуулардын бар болушу жарандарды тейлөө ылдамдыгын жогорулатты. Консулдук кызматтын өкүлдөрүнүн маалыматтарына караганда, учурда күнүнө 500гө чейин адамга мамлекеттик кызматтар көрсөтүлүүдө. Ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, жалпысынан 100 миңге жакын консулдук иш-аракеттер жасалган. Маселен, мурда жарандар документтер үчүн жогорку сапаттагы сүрөттөрдү бере албай кыйналышчу жана муну даярдоо үчүн алар бир нече күн коротушчу. Азыр болсо бул кызматты Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кеңсесинде алууга болот.

БУУӨП 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүсү үчүн Кыргызстандын калкына жардам берип келет.

Техникалык жабдуулардын сүрөттөрү шилтемеде: https://flic.kr/s/aHBqjzLbUY

***

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org