Борбор Азия өлкөлөрү Париж келишиминин жаңы рыноктук механизмдеринин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алышат

2022-ж., 16-March

2022-жылдын 15-март күнү «Париж келишиминин рыноктук механизмдери» деген темада аймактык тренинг болуп, ага Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын, жеке сектордун өкүлдөрү, климаттын өзгөрүшү боюнча алдыңкы эксперттери катышты. Тренинг Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланган жана БУУӨП тарабынан Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы климаттык коопсуздук үчүн саясий иш-чаралар» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын 26-сессиясында (26-ТК) катышкан өлкөлөр Париж келишимин ишке ашыруу эрежелерин, анын ичинде рыноктук жана рыноктук эмес шарттарды камтыган 6-беренени, макулдашты. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу механизмдери, бул өлкөлөргө планетада глобалдык жылуулукту пайда кылган парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча иш-аракеттердин амбициясын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Рыноктук механизмдер эл аралык көмүртек рыногун түзүп, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу бөлүмдөрүн өлкөлөр ортосунда өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле жеке секторду климатка ылайыктуу чечимдерге инвестициялоого үндөйт. Рыноктук эмес механизмдер өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана анын терс таасирине адаптациялоо үчүн тыгыз иштешүүгө мүмкүндүк берет.

Аймактык тренингдин алкагында катышуучулар Париж келишиминин рыноктук механизмдеринин принциптери, шарттары жана процедуралары менен таанышышты. Катышуучуларды жаңы рынок механизмдери боюнча окутуу өлкөлөр үчүн рынокторго ийгиликтүү катышуу үчүн абдан маанилүү деп эсептелет.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаеванын айтымында, 2015-жылы Париж келишими жактырылганда дал ушул 6-берене Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын максаттарына жетүү үчүн алдыга жасалган чоң кадам катары бааланган: «Биргелешкен ыкмалар өкмөттөргө көмүртектин эмиссиясын азайтуу жана парник газдарын жок кылуу боюнча улуттук максаттарына жетүүгө жардам берет. Бул кадам парник газдарынын эмиссиясын азайтуу үчүн рыноктук механизмдер жана эл аралык кредиттик келишимдер аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Биздин аймактын өлкөлөрү өз убагында даярдануу жана бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн жаңы эл аралык талаптар менен жакшы тааныш болушу керек».

Эмиссиялардын эл аралык соодасы, таза өнүгүү механизми жана биргелешип ишке ашыруу – ушул үч рынок механизмин камтыган Киото протоколунун ийкемдүү механизминин алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү: Кыргызстан, Тажикстан жана айрыкча Өзбекстан  көмүртек рыногуна катышууга жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн таза өнүгүү механизми алкагында алган тажрыйбасын Париж макулдашуусу боюнча жаңы рыноктук механизмдерге оңой эле которууга болот.

Париж Макулдашуунун 6-беренесинде кээ бир Тараптар ыктыярдуу түрдө алардын Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарын (УДАС) ишке ашырууда дымактуу жумшартуу жана адаптациялоо аракеттерин жүргүзүү жана туруктуу өнүгүүгө жана экологиялык бүтүндүккө көмөктөшүү үчүн кызматташууну тандай алат деп айтылган. Париж макулдашуусу ыктыярдуу кызматташуунун эки рыноктук жана бир рыноктук эмес – үч механизмин белгилейт:

1. 6.2-беренеге ылайык рыноктук механизм УДАСты ишке ашыруу үчүн эл аралык билдирилген жумшартуу натыйжаларын (ITMO) колдонуу боюнча өз максаттарына жете элек өлкөгө Париж келишимин алкагында климаттык милдеттенмесин ашыра аткарган өлкө өзүнүн жогору көрсөткүчтүгүн сатууга мүмкүндүк берет.

2. 6.4-беренеге ылайык рыноктук механизм: Парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга көмөк көрсөтүү жана туруктуу өнүгүүнү колдоо механизми. Бул жаңы рынок механизми кээде «Туруктуу өнүгүү механизми» деп аталат. Ал Киото Протоколуна ылайык таза өнүгүү механизмди алмаштырат жана БУУнун органы тарабынан башкарылуучу жаңы эл аралык көмүртек рыногун түзүп, дүйнөнүн каалаган жеринде мамлекеттик же жеке сектор тарабынан иштелип чыккан эмиссияларды кыскартуу менен соода кылат. Көмүртек кредиттерин, мисалы, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жаңы станциясын куруудан, зыяндуу заттарды чыгарууну азайткан ишканаларды модернизациялоодон же токой аянттарын калыбына келтирүүдөн алса болот. Бул механизмди колдонуунун натыйжасында келип чыккан эмиссияларды кыскартуу, эгерде алар башка Тарап тарабынан өзүнүн УДАСына жетишкендигин көрсөтүү үчүн пайдаланылса, кабыл алуучу Тарап УДАСка жетишкендигин көрсөтүү үчүн пайдаланылбайт.

3. Климаттын өзгөрүүсүн жумшартуу, адаптациялоо, каржылоо, технологияларды трансферттөө жана потенциалды жогорулатуу аркылуу, анын ичинде туруктуу өнүгүү жана жакырчылыкты жоюу контекстинде өз УДАСтарын ишке ашырууда Тараптарга жардам берүү үчүн рыноктук эмес ыкмалар жеткиликтүү. Туруктуу өнүгүүгө рыноктук эмес мамилелердин негизи рыноктук эмес ыкмаларды жайылтуу үчүн аныкталган.

26-ТК жогоруда аталган ыкмаларга катышуу боюнча деталдуу көрсөтмөлөрдү макулдашты жана «6.2-беренеде айтылган биргелешкен мамиле боюнча колдонмо», «6.4-беренеде белгиленген механизмдин эрежелери, шарттары жана жол-жоболору» жана «6.8-беренеде көрсөтүлгөн Рыноктук эмес ыкмалар боюнча иш программасы» кабыл алынды.

Аймактык тренингде таза өнүгүү механизмин алкагында улуттук тажрыйбалар жана структуралар Туруктуу өнүгүү механизми үчүн кандайча колдонулушу мүмкүн жана жаңы үчүн рыноктук механизмдерге ийгиликтүү катышуу үчүн өлкөлөр эмнелерди эске алышы керек.

«Париж келишиминин рыноктук механизмдери» тренингинин жазуусу бул жерде жеткиликтүү.

***

«Борбордук Азиядагы климаттык коопсуздук үчүн саясий иш-чаралар» долбоору Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан каржыланат. Долбоор климаттык саясат маселелери жана эффективдүү климаттык дипломатия боюнча аймактык кызматташтыкка көмөктөшөт жана өлкөлөргө парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча илимий негизделген милдеттенмелердин негизинде климаттык күн тартибин түзүүгө жардам берет.

Долбоор Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда БУУнун Өнүктүрүү программасынын кеңселери тарабынан Улуу Британиянын Шериктештик жана Эл аралык өнүктүрүү боюнча тышкы иштер министрлиги (FCDO) менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылууда.