Бишкектин журналисттери Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциясы боюнча окуудан өтүштү

2022-ж., 1-June
Kyrgyz Jarany training

Kyrgyz Jarany training

Бишкек, 2022-жылдын 1-июну. ЖМК өкүлдөрү үчүн Кыргыз Жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциясынын принциптерин өз ишинде ишке ашыруу боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү. Жалпысынан 60тай журналист интерактивдүү көнүгүүлөр жана талкуулар аркылуу концепциянын негизги идеяларын жана пункттарын, ошондой эле бул идеяларды өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу ишке ашыруунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.

Тренингдер КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан БУУнун «Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдүү башкаруу жана жалпы иденттүүлүк» биргелешкен долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда. Аталган долбоор БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Жараны жалпы жарандык иденттүүлүктү илгерилетүү Концепциясы бекитилген. Концепциянын негизги максаты – этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген Кыргыз Жараны жалпы жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү.

Кыргыз жараны темасында журналисттер үчүн өткөн тренингде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргыз жараны Концепциясынын негизги компоненттерин илгерилетүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан чоң экенин белгилеп өттү. «Кабыл алынган концепцияны ишке ашыруунун алкагында медиа-эксперттер, авторлор жана кызыкдар тараптар менен биргеликте Коммуникация стратегиясы иштелип чыгып, медиа-план бекитилди. Аны ЖМК өкүлдөрү менен биргелешип ишке ашырабыз деп үмүттөнөм», - дейт ал.

Концепциянын негизги багыттары:

1. Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгү жөнүндө аң-сезимдүү түшүнүктү калыптандыруу.

2. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту арттыруу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын урматтоо.

3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.

4. Башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жетүүгө бирдей шарттарды түзүү.

5. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жогорулатуу.

Кыргыз Жараны жарандык иденттүүлүгүнүн Концепциясын эл аралык укуктарын ишке ашыруу 2022-жылдын январь айында башталган. Ошондой эле, коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен координациялык жолугушуулар БУУнун ушул биргелешкен долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн мамлекеттик органдары арасында концепцияны ишке ашырууну координациялоодо.

***

Тренингден сүрөттөр: https://flic.kr/s/aHBqjzSfd3

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси. Электрондук дарек: nurzhan.alymkanova@undp.org