Бишкекте имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча тренинг өттү

2021-ж., 2-December

29-30-ноябрь күндөрү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык Комиссиясынын (БУУ ЕЭК) жана Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасысын (БУУӨП) колдоосу менен «Муниципалдык энергетиканы башкаруу (MEM), Энергияны башкаруунун маалыматтык системасы (EMIS), Курулуш секторунда мониторинг, отчеттуулук жана текшерүү (MRV)» аттуу имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча окуу семинары болуп өттү. Семинардын жүрүшү менен тааныштырууну КР Мамкурулуштун турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев, БУУнун ЕЭКтин аймактык кеңешчиси Олег Дзюбинский, БУУнун ЕЭКтин долбоор менеджери Надежда Хамракулова жана БУУӨПтүн климаттын өзгөрүшү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаева өткөрүштү.

Өткөн айда Кыргызстан климат боюнча эң маанилүү эл аралык иш-чарага, Глазгодо (Улуу Британия) өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC COP-26) Тараптардын Конференциясынын 26-сессиясына катышты. Кыргызстан парник газдарынын чоң эмиттери болбогонуна карабастан, биздин өлкө 2015-жылдагы Париж макулдашуусуна берилгендигин ырастап, УДАС документин (Улуттук деңгээлде аныкталган салым), улуттук климаттык милдеттенмесин сунуштады жана глобалдык жылуулукту өнөр жайга чейинки деңгээлден 1,5°С чегинде кармап туруу үчүн 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 43,62% кыскартууга милдеттенди. Парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча чаралардын бири энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

2030-жылга чейин бардыгы үчүн жеткиликтүү, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап энергияга жетүүнү камсыз кылуу Туруктуу өнүгүүнүн 7-максатында белгиленген. Энергияга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн глобалдык энергетика балансында энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууну кеңейтүү жана дүйнөдө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга умтулуу зарыл. 2011-жылы туруктуу энергияга жалпы жеткиликтүүлүкө карай прогрессти тездетүү үчүн БУУнун Башкы катчысы 2030-жылга чейин бири-биринен көз каранды болгон үч максатты чечүүгө багытталган «Бардыгы үчүн туруктуу энергия» (SE4All) демилгесин көтөрдү:

• заманбап энергия булактарына жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу,

• энергиянын натыйжалуулугун эки эсеге жогорулатуу,

• дүйнөлүк энергетика балансында кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн эки эсеге көбөйтүү.

Курулуш секторунда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн улуттук жана аймактык деңгээлде талаптарга жооп берүү жана потенциалды жогорулатуу талап кылынат. Тренингдин кириш сөзү катары, БУУнун ЕЭКтин аймактык кеңешчиси Олег Дзюбинский жана БУУнун ЕЭКтин долбоор менеджери Надежда Хамракулова катышуучуларды Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европанын, Кавказдын, Борбордук Азиянын 17 өлкөсүнө (анын ичинде Кыргызстан) жана Россия Федерациясына багытталган «БУУнун ЕЭК аймагындагы имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча улуттук потенциалды күчөтүү» долбоорунун максаттары жана натыйжалары менен тааныштырышты. Бул долбоордун алкагында имараттардын энергия эффективдүүлүгүнүн стандарттары чөйрөсүндө салыштырма изилдөө жүргүзүлүп, учурдагы энергия эффективдүүлүгүнүн стандарттарынын талаптарынын ортосундагы шайкештик жана алардын шайкештиги боюнча ар бир өлкөнүн учурдагы абалы, жана учурда кандай стандарттар бар, алар алкактык көрсөтмөлөргө кандайча туура келет жана алар кандайча сакталып жаткандыгы каралды. Бул изилдөөнүн натыйжасы энергетикалык натыйжалуулуктун кыйла натыйжалуу стандарттарын кабыл алуу жана ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды аныктоо, ошондой эле орун алган боштуктарды толтуруунун мүмкүн болгон чечимдерин кароо болду. Бул аймактык изилдөөнүн негизинде Арменияда, Молдовада жана Кыргызстанда улуттук изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Эл аралык эксперт Матия Вайдичтин машыктыруучусу болгон семинардын программасы имараттардагы энергия эффективдүүлүгүнүн жогорку стандарттарына байланыштуу аспектилерди жана төмөнкү темаларды камтыды:

• Имараттарда энергетикалык аудитти жүргүзүүнүн тартиби жана көп критерийлер боюнча талдоо

• Энергияны башкаруунун маалымат системасы жана энергияны башкаруу куралдарынын мисалдары

• Улуттук мониторингдин алкагында муниципалдык энергетиканы башкаруу, отчеттуулук жана текшерүү системасы

• Энергияны башкаруунун институционалдык, уюштуруучулук жана укуктук аспектилери, глобалдык деңгээлде жана ЕБде отчеттуулук жана текшерүү

• Курулуш секторунда энергияны башкаруу  жана мониторинг, отчеттуулук жана текшерүү

• Имараттардагы энергияны үнөмдөө чараларын экономикалык баалоо жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрү

Тренингдин көптөгөн катышуучулары бир эле учурда имараттарда жана курулмаларда энергетикалык аудит жүргүзүүгө үйрөтүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Бул тренинг өлкөбүздүн келечектеги энергетикалык аудиторлорун бул жааттагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйба менен тааныштырды. Бүгүнкү күндө энергетикалык аудит кеңеш берүүчү гана мүнөзгө ээ, бирок аудитордук адистерди кылдат жана ар тараптуу даярдоо курулуш секторунда энергияны үнөмдөө боюнча кыйла чечкиндүү реформаларга даярдыгын көрсөтөт.

Катышуучулардын жаңы алган билимдери жана имараттардагы энергияны үнөмдөөнүн жогорку стандарттары боюнча тажрыйбасы менен кийинки иштөөсү Туруктуу өнүгүүнүн 7-максатын ишке ашырууга жана климат боюнча милдеттенмелерибизди аткарууга оң салым болот.