Аймактык бейөкмөт уюмдар аялдардын жана кыздардын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзөт

2022-ж., 1-March

Бишкек, 2022- жыл 1 март- Бүгүн гендердик зомбулук боюнча эксперттердин эки күндүк иши аяктады, анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 20 бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча мыйзамдардын аткарылышына жарандык мониторинг жүргүзүү инструменттерин изилдешти. Ошондой эле гендердик зомбулукка чара көрүү, алдын алуу жана болтурбоо үчүн жооптуу субъекттердин (милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, медициналык жана социалдык кызматкерлер, прокурорлор жана судьялар) тарабынан мыйзам бузууларын талдоо куралдарын сынап көрүштү. Апробациялык тренинг ЕБ-БУУнун “Теңдик нуру” демилгеси менен “Гендердик маалымат борбору” ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.

Гендердик зомбулукка байланыштуу иштердин мониторинги апрелден майга чейин үч пилоттук аймакта: Нарын, Ош жана Чүйдө жүргүзүлөт.

Гендер боюнча эксперт, Кризистик борборлор ассоциациясынын төрайымы Толкун Тюлекова мындай деп баса белгиледи: «Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо процессинде жарандык мониторингдин бирдиктүү ыкмасы мыйзамсыз жана адилетсиз чечимдерге каршы күрөшүүдө алардын үнүн бекемдөөгө жардам берет. Кеңири жайылтылган мониторинг, чечимдердин мыйзамдуулугун жана жабырлануучулардын укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган органдардын өкүлдөрүнүн кесипкөй эместигин, коррупциясын жана компетентсиздигин аныктайт, ошентип бул акырында укук коргоо жана сот органдары тарабынан укуктарды колдонуу практикасынын ачыктыгын жакшыртат».

Мониторинг инструменттерин өркүндөтүү үчүн катышуучулар коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, жергиликтүү активисттерге, аялдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын колдоочу гендердик эксперттерге методикалык жардам катары жеке учурлар үчүн да, саясаттын деңгээлинде да иштелип чыккан сунушталган бирдиктүү методологияны иш жүзүндө сынап көрүштү.

«Аялдардын укуктарынын жана мыйзамдарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү абдан маанилүү, анткени ал жаңы кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу механизмдериндеги кемчиликтерди бийлик органдарына жеткирүүгө жана мыйзам үстөмдүгүнө жетишүү жана Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын укуктарын натыйжалуу коргоо үчүн биргелешип, бул кемчиликтерди жоюуга мүмкүндүк берет. Мыйзамдардагы кемчиликтердин жана укук коргоо жана сот органдарында коррупциялык механизмдердин жоюлабастан дагы да иштеп жатканынан улам ондогон сот иштери ачылбай, жылдан жылга уланып келүүдө.  Маселен, 2013-жылдагы иштер бар, эки жылдан бери натыйжасыз тергелип, токтоп, балалуу аялдар акыйкат таба албай, зордуктагандарды жоопко тарта албай жаткан иштер бар», - дейт «Вентус» коомдук уюмунун жетекчиси Камил Рузиев. укук коргоочу.

«Теңдик нуру» демилгеси «Гендердик маалымат борбору» Ассоциациясы менен биргеликте аймактык БӨУларды бул ыкмага үйрөтүүнү улантат, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнө аялдардын жана кыздардын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү жана талдоо боюнча гранттык колдоо көрсөтөт.

ЕБ менен БУУнун биргелешкен “Теңдик нуру” демилгеси жөнүндө

В январе 2020 года в партнерстве с Правительством Кыргызской Республики ЕС и ООН запустили многолетнюю страновую программу в рамках глобальной Инициативы “Луч света” (Spotlight Initiative) по искоренению всех форм насилия в отношении женщин и девочек. Цель программы - создать среду, в которой все женщины и девочки в Кыргызстане, особенно наиболее уязвимые, живут без насилия и пагубных практик, в том числе детских браков и ала качуу. Программа включает комплекс интегрированных мер в области политики и законодательства, укрепления институтов, предотвращения насилия, предоставления услуг пострадавшим от насилия, сбора качественных данных и поддержки женского движения и гражданского общества. Программа реализуется пятью агентствами ООН (ООН-Женщины, ЮНФПА, ПРООН, ЮНИСЕФ и УНП ООН) под общим руководством Постоянного Координатора ООН в Кыргызской Республике.

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча глобалдык Spotlight демилгесинин алкагында көп жылдык өлкө программасын ишке киргизди. Программанын максаты - Кыргызстандагы бардык аялдар жана кыздар, өзгөчө аялуу катмарларды зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде жашы жете элек никеге туруудан жана ала качуудан эркин жашаган чөйрөнү түзүү. Программа саясат жана мыйзамдар, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктун курмандыктарына кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоо жаатындагы комплекстүү чараларды камтыйт. Программа БУУнун беш агенттиги (ООН-Женщины, ЮНФПА, ПРООН, ЮНИСЕФ и УНП ООН) тарабынан БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жалпы көзөмөлүндө ишке ашырылат.

 ЖМК үчүн байланышуу

Айнагуль Абдрахманова

БУУӨПнин коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси

ainagul.abdrakhmanova@undp.org

+996 770 183493