Эмне үчүн медициналык таштандыларды башкаруу азыр биринчи орунда турат

2020-ж., 8-December

Кыргызстандагы COVID-19 эпидемиясы, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле, саламаттыкты сактоо, экономика, социалдык коргоо, башкаруу жана саясат чөйрөсүндөгү чоң кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Бул ички жана тышкы ресурстарды массалык түрдө мобилизациялоону талап кылды.

Коронавирус инфекциясы боюнча кырдаалдын фонунда Кыргызстанда курч көйгөйлөрдүн бири - медициналык таштандылардын көлөмүнүн бир нече эсе көбөйүшү болду.Бул медициналык таштандыларды башкаруу (МТБ) тутумун баалоо жана өркүндөтүү жана COVID-19 түзгөн таштандылардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин тез арада изилдөө үчүн шашылыш муктаждыкты пайда кылды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы "Профилактикалык медицина" бейөкмөт уюмунун инфекцияны көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борборунун адиси Алексей Кравцовдун айтымында, атайын мекемелерде чыныгы кыйроо пайда болгон: алар таштандыларды дезинфекциялап үлгүргөн эмес. Медициналык таштандылардын бир бөлүгүн кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке компания алып чыккан, ал эми анын экинчи бөлүгү дезинфекциялоодон кийин  катуу таштанды полигонунда калган.

Демек, бул эмне үчүн маанилүү? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, медициналык таштандылардын 15 пайызы кооптуу материалдар деп эсептелет, алар аркылуу ооруканалардагы бейтаптар, дарыгерлер жана башка адамдар жуктурушу мүмкүн. Ал таштандыларды өрттөөнүн натыйжасында, айлана-чөйрөгө оору козгогучтарды же уулуу булгоочу заттарды бөлүп чыгаруудан ден-соолукка коркунуч келтирет. Мындан тышкары, бул жагдай туруктуу органикалык булгоочу заттардын бөлүнүп чыгышынын олуттуу көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде экологиялык кырсыкка алып келиши мүмкүн.

«Медициналык таштандыларды полигондорго туура эмес жок кылуудан улам, өзүнөн-өз күйүү же өрттөө пайда болот. Натыйжада, таштандылар, анын ичинде ири өлчөмдөгү пластиги бар медициналык калдыктар өрттөнүп жатканда айлана-чөйрөгө туруктуу органикалык булгоочу заттарды көп бөлүп чыгарат, бул натыйжада калктын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет.» - дейт Кравцов А.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен, COVID-19 кризисине каршы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жардам берүү миссиясынын кеңири секторунун алкагында саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо жана COVID-19дун социалдык-экономикалык таасирин жоюу боюнча комплекстүү чараларды баштады. Бул иш-чаралардын айрымдары кошумча ресурстарды тартуу, иш-чараларды кеңейтүү жана чоң таасирлерди жаратуу үчүн аянтча түзүү мүмкүнчүлүгү катары иштелип чыккан.

Ошентип, медициналык калдыктардын ашыкча көлөмүнүн айланасында түзүлгөн кырдаалга жана аны тез арада талаптагыдай кайра иштетүүгө байланыштуу, Кыргызстандагы БУУӨД бул тутумду баалоого жана өркүндөтүүгө, ошондой эле COVID-19дан келип чыккан таштандылардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин тез изилдөөгө катышат. Мындан тышкары, 42 медициналык мекеменин 600дөн ашык кызматкери медициналык таштандыларды башкаруу боюнча окуудан өтүшөт.

“Окутуу иш-чаралары Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле республиканын бардык аймактарында COVID-19 менен ооругандарды дарылаган ар бир медициналык мекемеде экологиялык аспектилерге көңүл бурулуп, медициналык таштандыларды чыгаруу тутумунун мониторингинен жана баалоодон кийин дароо өткөрүлөт. Ушул күнгө чейин медициналык таштандыларды кайра иштетүү  системасы инфекцияны контролдоо тутумунун мониторингинин алкагында гана анын курамдык бөлүгү катары бааланып келген. Бул багыттагы иштер Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы менен өнөктөштүктө пландаштырылууда ", - деп түшүндүрдү “COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийген социалдык-экономикалык залалдарынын четтетүү" долбоорунун координатору Сеитказиев Э.

Ден-соолукту чыңдоо ассоциациясы саламаттыкты сактоо ишине катышкан бардык кызыкдар тараптарды бириктирет: мамлекеттик жана жеке медициналык борборлорду, дарыгерлерди жана бейтаптарды жана ошону менен өзүнүн ишмердүүлүгүнүн кеңири чөйрөсүнө ээ. Ошондой эле, бул уюм БУУӨДнун компоненттеринин биринин алкагында пландаштырылган COVID-19 менен күрөшүү үчүн саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо боюнча ишти уюштуруу жана жүргүзүү үчүн жетиштүү практикалык жана илимий потенциалга ээ.

Эксперт А.Кравцовдун айтымында, медициналык таштандыларды чыгаруу жаатында мындай толук масштабдуу мониторинг Кыргызстанда биринчи жолу жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр жалпысынан медициналык таштандыларды чыгаруу тутуму өлкөдө кандайча уюштурулганын түшүнүүгө жана тиешелүү сунуштарды берүүгө жардам берет. Бул процессте башынан эле медициналык таштандыларды жок кылуу тутумун иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышкан Инфекцияны башкаруу борборунун кызматкерлери катышат, бул тутумду өркүндөтүү механизмдерин ишке ашыруунун мыкты сапатын камсыз кылат. Узак мөөнөттүү келечекте, изилдөөнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан өлкөнүн ооруканаларында медициналык таштандыларды башкаруу тутумунун институттук туруктуулугун камсыз кылуу үчүн колдонулат деп күтүлүүдө. Жана тренингдин жүрүшүндө алынган медициналык кызматкерлердин билими жана көндүмдөрү күнүмдүк практикада колдонулат.

Бул иш Япониянын Өкмөтү тарабынан каржыланган жана COVID-19га ар тараптуу жана адамдарга багытталган социалдык-экономикалык реакцияларга багытталган БУУӨДнун "COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийген социалдык-экономикалык залалдарынын четтетүү" долбоорунун алкагында башталган.