Шелтердеги сүйүү: «АИВ бизге бирге болууга жолтоо боло албайт»

2020-ж., 8-December

Таня и Алексей в приюте. Фото: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

Таня менен Алексейдин сүйүү баяны башкача болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок, алар бири биринде сүйүктүү жарын табышты. Алар бири биринин көздөрүн карап, турмуштун кыйынчылыктарын колдорун бекем кармашып тосуп алышат. Алардын башынан көп нерсе өттү – жумушсуздук, АИВ, дискриминация – бирок сүйүү аларды күчтүү кылып, чарчаган жүздөрүнөн жылмаюну өчүрбөйт.    

45 жаштагы Таня, өнөктөшү менен өзүнүн статусу тууралуу уккандан кийин,  АИВ менен жашаган адамдар үчүн шелтерде үч жыл мурун  таанышкан. «Мен АИВге кабылганымды укканда чөгө түштүм, бирок Алексей менен досторум мага жардам беришти», - дейт ал. Алексей АИВ экенин сегиз жыл мурда билген, бирок анын айтуусу боюнча “антиретровирустук терапиянын (АРТ) жардамы менен” өзүн жакшы сезип жатат. 

«Сиздин жашоо АИВдин кесепетинен токтоп калат деп ойлобогула. Жашоо уланат, болгону өзүңдү колуңа алып, АРТ ичүү керек», - дейт 40 жаштагы  Алексей.

Алексей живет в приюте в Бишкеке. Фото: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

Ыңгайлашуу убактысы

Алексей жана Таня мал чарбасында мезгилдүү жумушунан айрылгандан кийин  ушул күздө  Ысык-Көл областынан Бишкекке келишкен. Алар борборго жакында эле келишкен жана БУУӨП/Глобалдык фонд  ЮНЭЙДС менен бирге долбоор тарабынан каржылануучу жана “Ишеним Нуру” уюму менен башкарылуучу АИВ менен жашаган адамдар үчүн шелтерде бир нече жума жашап турууну суранышкан. 

«Борбордо ыңгайлашып, жумуш менен батир тапканча, шелтерде жашап туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жакшы», - дейт Алексей. «Бул жерде бизге документтреди тариздөөгө, медициналык жардам алууга жардам беришет, үстүңө чатыр жана тамак-аш менен камсыз кылышат. Мен өз жарымды да ушул жерден тапкам». Алексей үстөлдүн астынан Танянын колун издейт, ал болсо жылмайып күлдү.  

Таня живет в приюте в Бишкеке. Фото: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

Бул шелтердин башка кардарлары сыяктуу эле Алексей менен Таня активдүү жумуш издеп жатышат. Бишкекте шелтер Covid-19 пандемиясы күч алган учурда татаал турмуштук кырдаалга кабылган АИВ менен жашаган адамдарды жайгаштыруу үчүн  июнда кайрадан ачылган. 

«АИВ менен жашаган адамдар, калктын аялуу тобу болуп саналат жана Covid-19 пандемиясынан, киргизилген чектөөлөрдөн олуттуу жапа чегишти.  Алардын коргоосу жок. Бул кризис жалпы элге кыйынчылык жаратты, бирок биздин кардарлар үчүн мындан да оор болду.  Ошондуктан бул баш калкалоо жайын ачуу чынында маанилүү болду», - дейт социалдык жумушчу Юрий. «Бул жерде алар жок дегенде минимум кызматтарды ала алышат: жашоо жери, тамак-аш, социалдык жана психологиялык колдоо, медициналык кеңештер...»

Юрий, социальный работник приюта. Фото: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

Дарылануу үчүн жер

«Мындай шелтерлер өлкө боюнча көбүрөөк болсо жакшы болмок», - дейт Алексей. «Сиз АИВ болсоңуз, көчөдө жашай албайсыз. Сиз көчөдө калсаңыз, жегенге тамак-ашыңыз болбосо жана үшүсөңүз, сиз кантип дарыланасыз? Айрымдарга, чынында, барганга жери жана жардам бере турган адамдары жок. Бул жер бизге кайрадан бутка турууга жардам берет».

Володя, шелтердин бөлөк кардары: “Мага окшош муктаж болгон адамдар абдан көп, бирок баш калкалоо жайында орун аз”, - дейт ал.  Бишкектеги шелтерде 15 керебет, бирок социалдык жумушчулар көбүрөөк кардарларды кабыл алуу үчүн жерге матрастарды төшөп турушат.   Володя колунан ажырап калган, учурда ал жумуш издөөдө кыйынчылыктарга дуушар болууда.   “Бул жер мени сактап калды. Мени жаңы эле абактан чыгарышкан жана менин барган жерим жок эле. Баш калкалоо жайы болбосо, балким мен кайрадан абакка түшүп калмакмын, анткени жашаган жерим жана жей турган тамагым жок болсо, мен кайрадан уурдоого аргасыз болмок элем”, - дейт ал.   Володя шелтерде жашап баштагандан бери АРТ ичип жатат жана ден соолугу оңолуп баратканын көрүүдө.  

Володя - еще один клиент. Фото: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

Материалдык жардамдан тышкары, баш калкалоо жайы кардарларга өзүнүн АИВ-статусунан уялбаган – бул АИВ менен жашаган адамдар үчүн сейрек көрүнүш, жашоо үчүн ынгайлуу  жерди берет.

Стигма жана дискриминацияга кабылуу 

«АИВ бизге бирге болууга жолтоо боло албайт, - дейт Алексей, анын көзү Таняны караганда жалтырап турат.   «Мен диагноз койгонго чейинки жашоом менен жашап жатам. Болгону учурда жумуш табуу кыйын болуп калды», - деп мойнуна алат.

АИВ менен жашаган адамдарга карата стигма жана дискриминация, алардын турмушуна көптөгөн кошумча кыйынчылыктарды алып келет.  АИВ менен жашаган адамдарга социалдык же медициналык кызматтарга жетүү, жумуш жана досторду издөө кыйынчылыкты жаратат, ошондой эле алар укуктарын бузуудан жапа чегишет.     

«Мен кафеде идиш жуугуч жумушун таптым, бирок кафенин ээси мени медициналык кароодон өтүүнү сурады. Мен АИВ экенимди билгенде эле мини жумуштан бошотуп салышты”, - дейт Таня.  «Бул көбүнчө ушундай. Адамдардын басымдуу бөлүгү АИВ, анын жугуу жолдору тууралуу эч нерсе билишпейт. Айрым адамдар мени менен сүлөшүүдөн коркушат», - деп, көзүн жашка толтуруп, үшкүрүндү.

«Адамдар АИВ жөнүндө көбүрөөк билип, АИВ менен ооругандарга жакшы жана достук мамиле кылуусун каалайм», - дейт Алексей. «Бардыгына жеңил болмок».

Алексей и Таня в приюте. Фото: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан