Тим Скотт, БУУӨПтүн Нью-Йорктогу өкүлү менен бирге Жашыл экономика тууралуу маек

2020-ж., 15-June

Тим Скотт, БУУӨПтүн Саясат боюнча кеңешчиси (Нью-Йорк) жана Инклюзивдүү Жашыл Экономика боюнча программанын менеджери. Сүрөт: жеке архив

Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок ошону менен бирге жаратылыш байлыктарына ээ болгон  Борбордук Азиядагы мамлекеттердин катарына кирет. Бул тоолу регион, экономикасы эң негизинен айыл-чарба, тоо-кен өнөр жай жана гидроэнергетика тармактарынан түзүлөт. Кыргызстан өнүгүү боюнча ортоңку дэңгээлде турат, акыркы жылдар аралыгында жумушсуздуктун дэңгээли төмөндөп, азыркы учурда 8% түзөт. Бирок экономиканын негизин айыл чарба жана жаратылыш ресурстары түзгөнү менен (жалпысынан 40%) жерди туура пайдаланбоо экономика үчүн, калк үчүн жана жаратылыш үчүн чоң коркунуч түзөт.  

Өкмөт жаратылыштын деградациясын жокко чыгарууга даярдык көрүп жатат жана экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатат. Бул ар тараптуу жана туруктуу мүнөзгө ээ болот. Аталган негизги секторлордо өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар (төмөн көмүртек энергиясы, органикалык айыл-чарба, экотуризм, энергоэффективдүү курулуш, тоо-кен казып алуу өнөр жайы). Бул багытта иш-аракеттерди колдоо жана жаратылыш экосистемасын сактоо менен экономиканы өнүктүрүү багыты ийгиликтүү болууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Жашыл экономиканы куруу Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн эң негизги максаттардын бири болуп саналат. Жашыл экономика деген эмне? Анын максаты эмнеде жана мамлекет үчүн анын баасы кандай? Ушул тууралуу БУУӨПтүн Нью-Йорктогу саясат боюнча кеңешчиси жана Инклюзивдүү жашыл экономика программасынын Башкаруучусу Тим Скотт баяндады.

- Жашыл экономика бул эң биринчиден туризм, энергетика, жаңы жумуш орундары, таза суу, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн узак убакытта өтүшү. Адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиле. Кыргызстан экологиялык жана пайдалуу өнүгүүнүн жолуна өтүп жатат. 

Жашыл экономикага өтүү үчүн көбүүрөөк чыгымдар керектелеби?

- Бул жакшы суроо. Бирок биз азыр жашыл экономика кандай чыгымдардан тураарын ойлонбостон, 10 жылдан кийин жашыл экономика канчага арзаныраак болот деген суроо туура болот.

Ишканаларда жаратылышка терс таасирин тийгизген унааларды кандайча азайтуу керек?

- Мүмкүн кыргызстандыктарга экологиялык автоунааларды сатып алуу кымбат сезилет, жана мамлекет алардын инфраструктурасы үчүн көп акча каражат сарпташ керек деген ойлор туулат. Бирок 5-10 жылдан кийин бул чыгымдар акталат. Кунүмдүк турмушту экологиялык багытка өткөрүш керек. Классикалык экономиканын оңолуусун күтпөстөн, жашыл экономикага өтүү кадамдарды башташ керек. Бул процесс өтө узун. Көпчүлүктөр Кыргызстан үчүн бул эртэ кадам жана өтө кымбат деп ойлошот. Бирок эртээрэк баштаса, процесс тезирээк бүтөт. Гидроэнергетика жашыл экономиканын эң негизги сектору болуп саналат. Кыргызстан үчүн энергетиканын таза жолуна өтүүгө ыңгайлүү шарт. Жашыл экономика – бул өлкөдөгү ресурстарды маанилүү колдонуу. Жашыл экономикада ар бир жаран, мамлекет жана өкмөттүк эмес уюм өзүнүн ролун билиш керек.

 

Жашыл экономиканын жардамы менен кризистен кантип чыкса болот? Сизде сунуштар барбы?

- Тышкы терс таасирлерге туруктуулукту жогорулатуу, туруктуу инфраструктурага инвестиция тартуу жана калктын ден-соолугун бекемдөө.

Социалдык коргоонун инклюзивдик механизмдерин күчөтүү жана кеңейтүү. Электр камсыздоого өтүүнү ылдамдатуу жана казып алынган отундун субсидиясын чечүү; Майда жана орто бизнести ылдамдатуу, жеке сектордун экологиялык иштөө ыкмасына өтүү; Дүйнөлүк кызматташууну жана координациялоону кеңейтүү, башка дүйнөлүк кризистерге эффективдүү туруштук берүү болуп саналат.

Тим Скотт БУУӨПтүн Нью-Йорктогу өкүлчүлүгүндө саясат боюнча улук кеңешчиси жана Инклюзивдүү жашыл экономика программасынын Башкаруучусу болуп эмгектенет. Бүгүн ал биз менен экологиялык жагымдуу система тууралуу, анын жакшы жактары жана коркунучу тууралуу ошондой эле жашыл экономиканы киргизүү муктаждыгы тууралуу маек курду.