Сүлүктү санэпидкөзөмөл борбору экологиялык жылытуу системасына өттү

2021-ж., 15-January

Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун ишкананын жетекчиси Мусратилла Исканов. Фото: БУУӨП Кыргызстан.

Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна орнотулган аба жылуулук насосу анализдердин так чыгышын камсыз кылууда.

Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна келгенерде журналисттерди ишкананын жетекчиси Мусратилла Исканов тосуп чыкты. Аларды биринчи эле кызыгуунар мамлекеттик ишкананын аталышы дарбазанын үстүндө чоң болуп орхон-энесай арибиндеги жазууга түштү. Аларды дароо эле түшүнгөн Исканов күлүп, бул анын патриоттук ишараты экенин белгиледи:

- Бул жазууларды мен кыргыз жазуусу деп эсептейм. Бир катар чет элдик оумуштуулар да кыргыз жазуулары деп билет. Мен бул арипке аябай кызыгып изилдеп жүрөм. Анан ушинтип ишкананы аталышы жаздырып койдум.

Ишкананын эки кабаттуу имараты 31 жыл илгери курулган экен. Соңку жылдары чатыры, терезе, эшиктери жаңыртылып, каптиалдык ремонт да жүрүптүр.

- Совет доорунда 1989-жылы курулган. Евроремонт жүргүздүк. Чатырын, айнек, эшигин алмаштырдык. Имарат жакшы эле абалда. Бирок бизде кээ бир жабдыктар эскирген. Мисалы бактериалогиялык лабораторияда – деп Мусратилла Исканов мени ишкананын төрүндө орун алган каанага ээрчитип кирди.

Ал жерде биз бактериалогиялык лабораториянын башчысы Зебинса Эшмурзаеваны жана дагы бир лаборантты жолуктурдук.

- Экөөңүздөр эле иштейсиздерби? Үлгүрөсүздөрбү?

- Ооба экөөбүз эле. Бизде дагы бир лаборант бар эле, жакында ал декретке чыгып кетти. Ошондуктан бизге дагы бир лаборант зарыл болуп турат.

Буга чейин ишкана кышкысын сууктан кыйналчу экен. Быйыл эл аралык уюмдардын көмөгү менен жылытуу жабдыктары коюлгандан бери бир катар маселе чечилген.

Зебинса Эшмурзаева: - Адамдар анализдерин алып келген учурда, дагы башка себептерден улам келип калгандар биздин суук көридеордо күтүп калышчу эле. Кадимки эле буржуй печкесин жагат элек. Албетте анын түтүнү чыгат эле. Лабораторияга болсо электр жылыткычтарды сайчубуз. Ошондой болсо да бөлмөлөр жылычу эмес. Эми бул жылытуу насостору орнотулуп жыргап калдык. Кыйла түйшүктөн кутулдук.

Бактериалогиялык лабораториянын башчысы Зебинса Эшмурзаеванын сөзүн Сүлүктүнүн башкы эпидемиологу Мусратилла Исканов улады:

- Чындыгында имараттын кээ бир болмолөрүн буржуй печкеде көмүр менен эле жылытчубуз. Эми мынтип БУУӨП-CREED “Энегияга жетүүдө кичи жана орто ишкерликти колдоо” долбоорунун жана ОПЕК фондунун колдоосу менен аба аркылуу жылуулук берүү насостору орнотулгандан бери кыйла жакшы болуп калды. Бул жылуулук системасы электр энегиясын аз камсыздаганы менен бөлмөлөрдү кыска убакытта керектүү температура менен камсыз кыла алат экен. Бул жагдай биринчи кезекте адистердин саламаттыгына оң таасирин тийгизет. Ошондой эле лобраториянын ишине зарыл болгон 18-22 градус температуранын бир калыпта сакталышы буга чейин таптакыр болгон эмес. Бул анализдердин, изидөөлөрдүн, реакцияларды жүргүзүүдө так натыйжаларды берегенге жана жабдыктардын жакшы иштешине көмөк берет.

Мусратилла Исканов сөз кылган ишканага ылайыкталган аба инверторлору кышында жылуулукту, жайкы саратанда салкын абаны бир калыпта сактап берип турат. Бул Сүлүктү лабораториясында жасалган анализдердин так чыгышына кыйла таасирин берип жатат дейт  Исканов:

- Анализдердин так чыгышы негизги үч нерсеге көз каранды. Биринчиден жабдыктардын иштеши, экинчиден ар бир адистин сабаттуулугу, андан кийинки жагдай бул лабораториядагы, айрыкча жабдыктар турган болмөдөгү жердеги  микроклимат. Биз жогоруда сөз кылган туруктуу температура гана анализ натыйжасындагы мүчүлүштүктөрдү минимумга түшүрөт.

Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Мусратилла Исканов учурда кээ бир эскирген жабдыктарды жаңылоо үчүн тийиштүү жактарга кайрылып жатканын кошумчалады.

16 адам иштеген ишканада бир жылда орто эсеп менен сегиз миңдей анализ жасалып турат. Эң көп кайрылган кардарлардын катарын шахтёрлор жана мугалимдер түзөт экен.

Мусратилла Исканов: -  Паразитологиялык, санитардык-гигиеналык, бактериалогиялык лабораториялары биригип бир жылда сегиз миңдей анализ жасайбыз. Бизге ошондой эле шахёрлор, мектепте, бала бакчада иштеген кызматкерлердин анализдерин чыгарабыз. Андан башка Сүлүктү шаардык ооруканага келген бейтаптардын инфекциялык ооруларга текшериле турган анализдерин биз жасайбыз.

Кыргызстандын эң түштүк-батышында орун алган Сүлүктү шаарынан турмуштун оорчулуганан улам 90-жылдары чет жака, же дагы башка шаарларга көчүп кеткендер соңку жылдары кайра кайтып жатыптыр. Сулүктү мэриясынын расмий эсеби боюнча шаар тургундарынын саны бир жылда үч миңден ашуун адамга өсүп, учурда 23 миң 889ду түзгөн. 

Сүлүктү шаарында жана айланасындагы айылдарда жашагандардын тиричилиги көмур шахтыларына байланган. Аймакта кыркка жакын жеке көмүр кендери өз ишин жүргүзүп келет.