Медициналык таштандылар: эмне үчүн аларды туура утилдештирүү маанилүү?

2021-ж., 25-October

Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Медициналык таштандылар жалпы таштандылардын 2-3%ын түзөт. Жана медициналык таштандылар эң коркунучтуу таштандылардын бири болуп саналат. Медициналык мекемелердин таштандылары коркунучтуу микроорганизмдерди, уулуу дарыларды камтыйт жана радиологиялык коркунучка ээ. Жана бул тобокелчиликтердин кыскача гана тизмеси. Ошондуктан, аларды утилдештирүү маселеси бүт дүйнөдө абдан олуттуу каралат. Адамдарга жугуу, инфекциянын таралышы жана эпидемиянын пайда болуу коркунучтарын азайтуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту БУУӨП менен биргеликте медициналык калдыктарды башкаруу боюнча видеокурс иштеп чыккан.
Кенен маалымат менен медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы, медициналык таштандыларды утилдештирүү көйгөйүн чечүү менен алектенген эксперт Надира Соромбаева бөлүштү.

Масштабды түшүнүү

Дүйнө жүзүндөгү таштандынын деңгээли боюнча маалыматтарды баалоо эсептөөлөрү көрсөткөндөй, ооруканаларда суткасына бир керебетке болжол менен 0,5 кг таштанды чыгат. Бирок, бул көрсөткүч жана калдыктардын негизги курамы жергиликтүү шарттарга жараша абдан айырмаланат.

Мисалы, кирешеси жогору өлкөлөр көп таштандыларды жана пластикти чыгарышат, бул негизинен медициналык таштандылардын жарымынан көбүн түзөт. Бул чоң айырмачылыктан улам, медициналык таштандыларды башкаруунун эң мыкты  чечими жок. Ошондуктан, ар бир өлкөнүн жергиликтүү реалдуулуктагы көйгөй менен алектенген өзүнүн эксперттик кызматкерлери бар.

Көптөн бери Кыргызстанда медициналык таштандыларды эсепке алуу системасы болгон эмес. Бул маселе боюнча түздөн-түз иштер 2003-жылдан бери 20 жылдай убакыттан бери уланып келе жатат жана буга чейин көп нерсе жасалган, бирок алдыда дагы көп иштер жасалышы керек.

Эмне үчүн медициналык таштандылар коркунучтуу?

Ар кандай жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар көптөгөн медициналык процедуралардан өтүшү керек. Жана алардын арасында көптөгөн инвазивдер бар. Инъекциялар, капельницалар, оперативдик кийлигишүү, изилдөө – мисалы, гастроскопия ж.б.у.с., алар биологиялык суюктуктар менен булганган бир жолку приборлорду жана таңуу, гигиеналык жана башка материалдарды түзөт. Мунун баары медициналык персоналдын ооруларды жугузушуна алып келиши мүмкүн, демек эпидемиологиялык коркунуч жогору экенин билдирет. Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 16 миллиард инъекция жасалат. Кыргызстанга карата мындай ишенимдүү сандарды табуу мүмкүн эмес, бирок масштабты элестетүү оңой.

Бирок бул көйгөйдүн бир гана жагы. Медициналык калдыктар жана кошумча продуктылар дагы башка коркунучтарга алып келиши мүмкүн, мисалы:

●      курч нерселерден жаракат алуу;

●      дары-дармектерди, атап айтканда антибиотиктерди жана цитотоксикалык препараттарды чыгаруунун натыйжасында айлана-чөйрөнүн ууланышы жана булганышы;

●      айлана -чөйрөнүн саркынды суулар аркылуу улануусу жана булганышы;

●      айлана-чөйрөнүн таштандыларды өрттөө учурунда бөлүнүп чыккан сымап же диоксин сыяктуу уулуу элементтер же кошулмалар аркылуу улануусу жана булганышы.

Таң калтырат, келишесизби?

Кайгылуу тажрыйба

ДСУнун эсептөөсү боюнча, булганган шприцтер менен инъекция кылуу дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен жылына 21 миллион гепатит В вирусун (HBV), эки миллион гепатит С вирусун жана 260,000 ВИЧ инфекциясын пайда кылат. Кыргызстан дагы бул кайгылуу статистикадан четте калган жок.

Кайра эле Кыргызстан таандык болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, элдер таштандыны утилдештирүү жайларында, башкача айтканда, таштанды жайларында (старателдер деп аталышат) таштандыларды аралап жүрүшкөндүгүнө байланыштуу кошумча коркунучтар пайда болот. Таштандылар менен иштегендер ийнеден же уулуу жана жугуштуу материалдардын таасиринен жаракат алуу коркунучунда.

Мындан дагы көңүл чөгөргөн учурлар бар. 2000-жылдын июнь айында Россиянын Владивосток шаарындагы таштанды полигонунда мөөнөтү өтүп кеткен чечекке каршы вакцинасы бар айнек флакондор менен ойногондон кийин алты балага чечек (вакциния вирусу) диагнозу коюлган. Эпидемия локалдаштырылган, бирок баары күтүүсүз натыйжага алып келиши мүмкүн болгон эле. Ошондуктан, медициналык таштандылардын таштанды полигонуна чыгарылган соңку этабы коопсуз болушу жана айлана-чөйрөгө да, калкка да коркунуч туудурбашы абдан маанилүү.

Бизде медициналык жана башка максаттар үчүн аппараттарда нурлануу булактары кеңири колдонулат. Албетте, таштанды тиешелүү өлчөмдө пайда болот. Жана бул коопсуз эмес. Оор окуялар 1988-жылы Бразилияда (ал жерде төрт киши каза болуп, 28и радиациядан олуттуу күйүк алган), 1983-жылы Мексикада жана Мароккодо, 1978-жылы Алжирде жана 1962-жылы Мексикада катталган. Биздин өлкөдө азырынча мындай эч нерсе болгон эмес. Бирок аткарылган иштерге карабастан радиологиялык калдыктарды жок кылуу маселеси толук чечиле элек.

Процесс башталды

Кыргызстанда бул багытта иштеген азында 20 жыл убакыттын ичинде көптөгөн маселелер чечилди. Таштандыларды бөлүү процесси түзүлдү, ар бир класс үчүн протоколдор иштелип чыкты, уулуу хлор менен дезинфекциялоо практикасы колдонулбай калды, көптөгөн ооруканалар пластикти дезинфекциялоонун заманбап ыкмаларын колдонушат жана аны айлана-чөйрөнү ууландырган таштанды полигонуна эмес, кайра иштетүүгө жөнөтүшөт. Бирок азырынча химиялык калдыктарды жок кылуу боюнча так түзүлгөн система жок жана сымап камтылган материал менен иштөөдөн келип чыккан олуттуу тобокелдиктер четтетилген эмес. Көйгөйлөр аз эмес.

Саламаттыкты сактоо ишмердүүлүгүнүн таштандыларын башкаруунун жакшы системасын киргизүү процесси татаал. Бул таштандылардын категорияларына жана Кыргызстанда буга чейин колдонулган практикага гана баа бербестен, таштандыларды башкаруунун варианттарын тандоону, таштандыларды башкаруу планын иштеп чыгууну, институционалдык саясатты жана көрсөтмөлөрдү кабыл алууну, таштандыларды башкарууну уюштурууну, адамдык жана финансылык ресурстарды бөлүштүрүнү, белгиленген мөөнөттөргө ылайык пландарды ишке ашырууну жана мезгил-мезгили менен окуутуу программасын киргизүүнү, мониторинг жүргүзүүнү, баалоону жана үзгүлтүксүз өркүндөтүү программасын ишке ашырууну камтыйт.

Бул багыттагы иштер тынымсыз жүргүзүлүшү керек, анткени илим өнүгүп жатат, жаңы технологиялар келе жатат, кырдаал өзгөрүүдө. Жана чечим кабыл алуучулар бул көйгөйдүн артыкчылыгын көрүп, түшүнүшү керек.

Инфекциянын коркунучун кантип азайтуу керек?

Бардык медициналык таштандылар, өзгөчө коркунучтуу деп эсептелбесе дагы, жоопкерчилик менен утилдештирилиши керек. Адамдарга жугуу, инфекциянын таралышы жана эпидемиянын пайда болуу коркунучтарын азайтуу үчүн медициналык таштандыларды туура иреттөө жана таштоо маанилүү. Ошол себептен, медициналык кызматкерлерге медициналык таштандылардын категориялары жана аларды кантип утилдештирүү керектиги жөнүндө атайын жазылган видеокурсту колдонуу сунушталат.

Медициналык таштандыларды утилдештирүү боюнча курсту БУУӨПтүн Youtube каналынан, https://www.youtube.com/user/UNDPKG дарегинен көрө аласыз. Белгилей кетсек, ал Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү Программасы менен биргеликте Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен иштелип чыккан.

Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан