Лия Гурдюмова: Өзүңүзгө ишенбесеңиз дагы, эмгектенгенди уланта берүү керек

2021-ж., 27-April

Сүрөт: жеке архивден

22-апрель - Эл аралык маалыматтык-коммуникациялык технологиялар кыздарынын күнүнө карата (МКТ), бул багытта иштеп жана окуп жаткан кыргызстандык кыздар жөнүндө сөз кылабыз. Бул макалада өз кыялын ишке ашыра алган Лия Гурдюмова менен маектештик.

Лия 27 жашта, ал графикалык дизайнер жана графикалык дизайндын негиздери боюнча сабак берет. Лия Бишкекте туулуп-өскөн. Ал кичинесинен эле чыгармачыл болчу, бирок келечектеги кесиби балдарды окутуу менен байланыштуу болот деп такыр ойлогон эмес.

Мектепти аяктагандан кийин Лия байланыш жана маалымат технологиялары кесиптик лицейине тапшырган.

Болочок дизайнер визуалдык искусстводон тышкары, санарип искусствосуна кызыкчу: анимация түзүү, видео монтаждоо жана фотомонтаж: "Ал кезде Adobe Photoshop сыяктуу кесипкөй редакторлор анчейин колдонулчу эмес, мен бардык жумуштарымды эң примитивдүү программаларда аткарчумун", - деп Лия эске салат. «Окууга кирээрден мурун, мен дагы башка абитуриенттер сыяктуу эле, кайсы кесипти тандай тургандыгымды билген эмесмин. Лицейге келгенден кийин, видео монтаждоо багытын ойлонуп, бирок ийгиликке жеткен жокмун. Анан мага веб-дизайн курсуна жазылууну сунушташты. Мен бул кесиптин маңызы эмнеде экендигин түшүнбөй эле окууга кирип алдым”.

Лиянын айтымында, ал окуп жатканда IT чөйрөсү такыр өнүккөн эмес жана бул чөйрөнү изилдөөнү каалагандар аз болгон. Анын тайпасында 3 гана кыз болгон. Ошого карабастан, ал эч качан классташ балдардын кысымын сезген эмес: “Тайпада 3 эле кыз болчу, бирок мен эркек балдардын айлана-чөйрөсүнөн тартынган жокмун, анткени окуум мен үчүн жеңил болду жана алар тараптан психологиялык кысым болгон жок”.

Сүрөт: жеке архивден

Алты айдан кийин Лия мугалими менен биргеликте сайттын дизайнын иштеп чыккан. Бул анын биринчи коммерциялык долбоору болду. Бул жетишкендик Лияны жакшы окууга түрткү берип, бир жыл окуган соң, ал аутсорсинг компаниясында иштөөгө чакыруу алып, ал жерде веб-сайттардын жана мобилдик тиркемелердин дизайнын түзүү менен алектенип калды.

"Мен көп учурда өзүмдүн жөндөмүмдөн күмөн санап, жаңы нерсени баштоодон коркчумун. Бир жолу белгилүү бир продуктту иштеп чыгуу үчүн жумушка кирдим. Вектордук белгилерди жаратышым керек болчу, бирок тажрыйбам жок экендигине карабастан, мен өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Кээ бир кыйынчылыктар менен көз жаштарды төгүп, керектүү образдарды жарата алдым. Кийин жаӊы буйрутмалардан баш тартууга даяр болчум, бирок менин кызыгуум ар дайым жеңип жатты. Азыр өзүм менен адис катары сыймыктанам, анткени менин адистигимдин чөйрөсү барган сайын кеңейип жатат жана бул мага популярдуу дизайнер бойдон калууга мүмкүнчүлүк берет», - дейт Лия.

Лия мектепте кубаныч тартуулаган кесипти кыялданып, ошол эле учурда белгилүү бир жерге байланып калбастыгын каалагандыны эскерет: «Азыр мен өзүмдүн графигимди түзүп, кайда иштөөнү тандай алам. Ошентип, мен негизги жумушумду убактылуу буйрутмалар жана Codify академиясында окутуу менен айкалыштыра алам».

Бир жыл мурун, Codify IT компаниясынын негиздөөчүсү Динара Руслан Лияга өспүрүмдөр үчүн графикалык дизайн боюнча окутуу программасын жазууга жана Академияда ушул багытты үйрөтүүгө чакырган. 

Лия макул болуп, бирок бул ал үчүн оор тажрыйба болду: «Мен бул программаны өзүм жазгам жана жаңы топту баштаардан мурун, мен программамды өркүндөтүүгө аракет кылам, ошондуктан мен өзүм дайыма үйрөнүп турушум керек. Кантсе да, окутуу чоң жоопкерчилик жана мен окуучуларыма тиешелүү жөндөмдөрдү жана билимди беришим керек. Биринчи сабактар ​​толкундануу менен өттү, бирок кесиптештерим мени колдоп турушту. Кимдир-бирөө өспүрүмдөр менен иштөө кыйын деп ойлойт, бирок андай эмес. Менин окуучуларым окууга аябай ынтаа көрсөтүшөт жана материалды тез өздөштүрүшөт. 13-16 жашында эле, алар суроо-талапка ээ болгон жөндөмдөргө ээ болушат, ошонун аркасында өздөрүн чыгармачылыкта жүзөгө ашыра алышат», - деп Лия өзүнүн ойлору менен бөлүштү.

Ал жумушка ашыкча кылдаттык менен мамиле жасаарын жана кээде пландаштырылган убактысынан көбүрөөк коротконун мойнуна алат, анткени буйрутмаларды эң мыкты сапатта гана бергенди каалайт: “Уктап, эс албасам дагы, жумушту бүтүрүшүм керек. Эң башкысы, кардар ыраазы болушу керек. Бирок, мунун баарына карабастан, менде өсүшкө мүмкүнчүлүк бар. Окуумду аяктап, окушум керек болгон программалар бар. Мен жасаган өнүмгө болгон кардардын реакциясы дагы деле маанилүү», - дейт жаш веб-дизайнер.