Инсандык өнүгүү боюнча Кыргызстан 189 өлкөнүн ичинен 122-орунду ээледи

2020-ж., 8-January

Улуттук кийимди кийген жаш кыргызстандыктар "Алайку - Fest-2019" фестивалында

Инсандык өнүгүүнүн индекси боюнча өлкөлөрдүн рейтинги

Инсандык өнүгүү тууралуу 2019-жылкы докладга (анг: Human Development Report) ылайык, Кыргызстан 189 өлкөнүн ичинен 122-орунду ээлейт. Документтин авторлору бул деңгээлди “орто” деп белгилешти. Борбордук Азиядан бул топко Тажикстан дагы кирип, ал эми жакынкы өлкөлөрдөн Индия (129-орун) жана Пакистан (152-орун) кирди. Инсандык өнүгүүнүн туу чокусуна жеткен өлкө болуп Норвегия аталды.

2018-жылкы эсеп менен Кыргызстандагы инсандык өнүгүүнүн деңгээли 0.674 номиналына туура келди. Докладда берилген маалымат 1990-2018 жылдар арасындагы өзгөрүүлөрдү камтыйт:

  • Бул мезгилде ИӨД (инсандык өнүгүү деңгээли) 0.618 ден 0.674 чейин жетип, 9,4% өсүштү көрсөтөт;
  • Күтүлгөн жашоонун узактыгы беш жылга узарган;
  • Окутуунун орточо узактыгы 2,3 жылга узарган;
  • Улуттук дүң кирешенин адам башына болгон коэффициенти 3% төмөндөгөн. 

Айылдык тестиер бала куржунда суу ташып баратат. Куржун - ат үстүндө жүк ташууга арналган салттуу баштык

Докладга 189 өлкөдөн маалыматтар киргизилип, алар төмөндөгү топторго бөлүнгөн:

  • Инсандык өнүгүүнүн эң жогорку деңгээли
  • Инсандык өнүгүүнүн жогорку деңгээли
  • Инсандык өнүгүүнүн орточо деңгээли
  • Инсандык өнүгүүнүн төмөнкү деңгээли

Салыштыруу үчүн, мурунку СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн алтоосу биринчи категорияга кирди:

  1. Эстония – 30-орун
  2. Литва – 34-орун
  3. Латвия – 39-орун
  4. Россия Федерациясы – 49-орун
  5. Беларусь Республикасы жана Казакстан – 50-орун.

Жыйынтыктар кандайча чыгарылган?

Докладдын жыйынтыктары инсандык өнүгүүнүн эң маанилүү болгон үч ченемине негизделген: ден-соолук жана узун өмүр, билим жана жашоо деңгээли. Ал эми инсандык өнүгүү индексинин негизинде төрт компонент жатат: 

  • Теңсиздикти эске алуу менен түздөлгөн ИӨД;
  • Гендердик өнүгүү индекси;
  • Гендердик теңсиздик индекси;
  • Көп чендүү кедейлик индекси. 

Тигүү цехинин жумушчулары. Өлкө ичинде өнүккөн индустрияда жаш жигиттер да эмгектенип келишүүдө

Жогорудагы компоненттердин ар бири тиешелүү чөйрөлөрдөгү кырдаалды көрсөтүп турат. Мисалы, гендердик теңсиздик индекси репродуктивдүү ден-соолук, потенциалды жогорулатуу жана экономикалык активдүүлүктүн аял жана эркек гендерлеринин алкагында талданганынан келип чыгат.

Кыргызстан 162 өлкөнүн ичинен 87-орунду 0.381 номиналы менен ээледи. Бул көрсөткүч төмөндөгү факторлорду эске алат:

  • Өлкөдө аялдардын 98,6% орто билимдүү, ал эми эркектер арасында бул көрсөткүч 98,3%;
  • Парламенттик орундардын 19,2% аялдар ээлейт;
  • 100 000 төрөткө 76 эне өлүмү туура келет;
  • 15-19 жаштагы 1000 аялга 32,8 өспүрүм төрөтү туура келет;
  • Эмгек рыногундагы аялдардын катышуусу 48%, ал эми эркектердики – 75,8%.

Салыштыруу үчүн, кошуна Тажикстан менен Өзбекстан бул көрсөткүч боюнча 84-чү жана 64-орундарды алып, Кыргызстандан озуп кетишкен.

Ар кайсыл өлкөлөрдө болуп өткөн демонстрациялардын толкуну – бул биздин жетишкендиктерге карабай, бул ааламдашылган коомдо бир нерсенин туура эмес иштеп жаткандыгынан кабар берет. Элдерди көчөгө чыгууга түртүп жаткан триггерлер ар түрдүү болушу мүмкүн: жол билеттеринин жана бензиндин баасы, көз карандысыздыкты саясий жол менен талап кылуу. Бирок булардын баарын бириктирип турган бул – терең мүнөздөгү өөрчүп келе жаткан теңсиздикке болгон нааразычылык”.

Ахим Штайнер – БУУӨПтүн Администратору

Кичинекей бала сырткы дубалы бүтпөгөн үйдөн алдында суу ичип жатат

Тең өлчөмсүз артыкчылыктар жана теңсиздиктин жаңы толкундары

Доклад инсандык өнүгүүдө, кирешеде жана бакубаттыкта, гендердик теңдикте, антропоценада жана технологияларда кездешкен теңсиздикке басым жасайт. Анын авторлору теңсиздикти төмөнкү жөнөкөй мисал менен түшүндүрүшөт:

«Инсандык өнүгүүдөгү теңсиздик терең бир мүнөзгө ээ. Мисалы, 2000-жылы туулган эки баланы алалы: алардын бирөөсү эң жогорку инсандык өнүгүү деңгээлиндеги өлкөдө, экинчиси – инсандык өнүгүүнүн төмөн деңгээлде болгон өлкөдө жашайт. Биринчи баланын жогорку окуу жайына өтүү шансы 50% ашат. Ал эми экинчи бала үчүн бул көрсөткүч 3% гана түзөт.

Биринчиге караганда экинчи баланын узун өмүр сүрүү шансы алдаганча аз. ИӨД төмөн болгон өлкөдөгү балдардын 17% 20 жашка жетпей көз жумушат, ал эми биринчи топто бул 1% гана түзөт. Алардан таптакыр көз каранды болбогон кырдаалдар алар үчүн ар түрдүү, тең эмес жана дээрлик өзгөргүс тагдырды даярдап койгон. Өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн өлкөлөрдүн ортосундагы теңсиздик так ушундай мүнөзгө ээ».

Докладдын авторлору теңсиздиктин жаны толкунун белгилешүүдө. Бул – жогорку билим жана маалымат алмашуунун жогорку ылдамдыктагы каналдарынын жеткиликтүүлүгү. Булар билимге негизделген экономика шарттарында ийгиликтүү атаандаштык үчүн абдан маанилүү болуп эсептелип турат, анткени билимдүү жана интернетке чыга алган жаш адамдар алдыга өнүгүү шансы жок болуп, бир жерде туруп калышууда. Ахим Штайнердин айтымында, базалык жашоо шарттарындагы теңсиздик кыскарганы менен, атаандаштык үчүн керек болгон жөндөмдөр жана көндүмдөр да өзгөрүүдө. 

Өлкө ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилеткен БУУӨП Кыргызстандын ыктыярчылары

Докладдын толук версиясы англис тилинде чыгарылган, ал эми анын кыскача варианты орус тилинде жеткиликтүү.