Инновациялар адам өмүрүн сактоодо: Ош облусунун 221, 000 тургуну үчүн саламаттык сактоо жакшыртылды

2020-ж., 21-February

Гузел Мамасалиева, Ош областынын Өзгөн райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кардиологу / UNDP Kyrgyzstan: Sam Barataliev

Инновацияларды колдонуу 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн Күн тартибинин жана ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп келет. Кыргызстан БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте иш алпаруу менен бирге инновациялардын узак убакыттуу өнүгүүгө гана эмес, маанилүү социалдык жана экологиялык маселелерди чечүүгө жардам берээрине көңүл коюп келет. Инновациялар айрыкча айыл жергесинде жашагандар үчүн чоң мааниге ээ.

Бүгүн Бишкек шаарынан 614 чакырым, ал эми Оштон 60 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Өзгөн шаарында кычыраган кыштын суук күнү. Буга карабастан шаардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кардиология бөлүмүндө эл жык-жыйма. Өзгөн – 60 миңге чукул адам жашаган жыш шаар, бирок бул жерде хроникалык оор дарттарды диагностика кылган жана дарылаган адистерди табуу оңойго турбайт. 

“Ошко же Бишкекке жетүү оңой эмес. Бул биринчиден акча маселеси, экинчиден жолго көп убакыт кетет. Бул себептен улам көптөр ден-соолугу тууралуу кам көрбөй, дарыгерге ооруу өтүшүп кеткенде гана кайрылышат” – дейт Гузель Мамасалиева, Өзгөн райондук ҮДТнын дарыгер-кардиологу.

“Айыл жергесинде же алыскы аймактарда жашаган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү көйгөйү - комплекстүү маселе. Айыл жергесинде жашагандар ден-соолук абалы жана медициналык кызматтардын жеткиликтүү болбогонунан жапа чегишет. Бул болсо аларга кызмат көрсөтүүдө инновацияларды колдонуунун керек экендигин көрсөтүп турат. Мисалы, инновациялык технологияларды колдонуп, пациенттер алыскы жакта жайгашкан дасыккан дарыгерлер менен байланышып, диагностика, мониторинг жана дарылоо сыяктуу кызматтарды ала алышат” – деп бөлүштү Шарабидин Таиров, БУУӨПтүн адиси.

Дал ушул себептен улам 2018-жылдын башында БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондорундагы 10 саламаттык сактоо уюмуна жалпы суммасы 3,340,713 сомду түзгөн электрокардиография (ЭКГ) жана тышкы дефибрилляторлор (АНД) бөлүнүп берилген. Бул аспаптар жүрөк-кан тамыр ооруларынын диагностикасын жасайт. Мына ошентип акыркы эки жыл ичинде алыскы аймактагы дарыгерлер кардио-диагностика өткөрүп жана ооруулууларга жашаган жеринде консультация берип келишет. Жалпы эсеп менен саламаттык сактоо кызматтары Ош облусунун 221,000 жашоочусу үчүн жакшыртылган. 

“Телемедицина технологиялык чечим катары көптөгөн өлкөлөрдө узак убакыттан бери иштегендигине карабай, биз үчүн бул инновация болуп эсептелет. Анын эсебинен айылда жашагандар жогорку сапаттагы кызматтарды колдонуп, өз каражаттарын да үнөмдөп келишет” – деп кошумчалады дарыгер айым Гузель Мамасалиева.

Ал жаңы жабдууну адаттагы изилдөө үчүн гана эмес, атайын жардамга муктаж болгон ооруулууларды айырмалай билиш үчүн да колдонот. Гузель адамдын жүрөктүн кагуусун текшерип, ЭКГ өткөрөт, мындан тышкары пульсту жана артериалдык кан басымын ченейт. Эң кызыгы, ушунун баары реалдуу режимде серверде сакталып турат. Керек болгон учурда дарыгер пациентти Ош облусунун аймактык ооруканасындагы дарыгерлер менен байланыштырып, аларга оорулуунун дарт таржымалын жиберет. 

“Санариптик диагностиканын жардамы менен ооруулууларга консультация берүү, облустун мыкты кардиологдору менен кеңешүү жана биргелешип дарылоону жүргүзүү оңойлошту. Бул биздин жумушта абдан маанилүү, анткени өз учурунда жасалган сапаттуу диагностика айыгуунун дээрлик 100% кепилдиги эмеспи” – деп сөзүн улантты Гузель.

Ооруулуулардын абалы да белгилүү деңгээлде жеңилдей түштү; эми алар өз убагында туура маалымат алып, тиешелүү чечимдери кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Атайын жабдыктардын жакынкы клиникаларда болгону үчүн алар медициналык текшерүүгө жөнөкөй мамиле жасап калышты. Анткени мурда белгиленгендей, алыскы сапар тартуудан качынган пациенттер өз ден-соолугуна кам көрүүнү токтотуп коюшчу. Ал эми диагнозду эрте коюу алардын стрессин азайтып, каражаттарын үнөмдөп,  өлүмдөрдүн санын азайтмакчы. Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болгон өлүмдүүлүк биринчи орунда турат. Алардын теңи – инфаркт жана инсульттун кесепетинен. 

А.Чыраков Өзгөн райондук УДТнын бөлмөсүндө дарылануу алууда

Бул жабдыктардын жардамы менен дарыланган Чыраков А., өз оюн төмөндөгүдөй таризде бөлүштү:

“Мен доктурга көкүрөктөгү ооруксунуудан улам келгем. Мага бат эле стенокардия деген диагнозду коюшту. Доктур облустук адистер менен бирге дарылап, операция өткөрүүнү пландады. Ошко келгенимде баары даяр экен – кардиоборбордо сервер аркылуу алынган мен жөнүндө маалымат бар экен. Өз учурунда коюлган туура диагноздун эсебинен мен азыр сиздер менен сүйлөшүп турам. Учурда өзүмдү жакшы сезип турам, мындан тышкары досторума жана үй-бүлөмө мындай кызмат биздин шаарда жайгашкан үчүн тез-тез текшерилип тургула деп айтаар элем”.