БУУӨП «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууну өткөрүүгө көмөк көрсөттү

2022-ж., 16-February

Ушул жылдын 15-февралында Жогорку Кеңеште жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен узак мөөнөттүү кызматташуунун алкагында Кыргызстандагы БУУӨП тарабынан угууларды уюштурууга техникалык жардам көрсөтүлдү.

Парламенттик угуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүгө жана парламенттин ишин натыйжалуу уюштурууга багытталган негизги жаңычылдыктардын бет ачары болду. Мисалга, парламенттин ишмердүүлүгүндөгү санариптик новеллардын бири катары добуш берүү процедурасында Face ID (адамдын жүзү аркылуу санариптик маалыматтар менен өздүгүн аныктоо) жана манжа изин колдонуу сунушталды.

Жарандык сектордун өкүлдөрү депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды киргизишти. Анын ичинде төмөнкүлөр сунуштар да бар: депутаттар үчүн электрондук почта киргизүү, ал почтага шайлоочулардын каттары автоматтык түрдө катталат да, каттар жалпы бөлүм аркылуу эмес, дарегине түз жеткирилет; онлайн кайрылууларды каттоо мүмкүнчүлүгү менен расмий мессенджерлерди киргизүү. Ошондой эле, КР ЖКнын эксперттик кеңешинин ишин колдоо үчүн талкууларга эксперттик коомчулуктун жана жарандык коомдун катышуусу сунушталды, бул тең салмактуу жана сапаттуу мыйзам актыларын кабыл алууга көмөктөшмөкчү.

Отурумдун катышуучулары «КР ЖКнын Регламенти жөнүндө» конституциялык мыйзамды кабыл алуу процессин тездетүү керек деген бир пикирге келишти. Иш-чаранын жыйынтыгында бардык сунуштар жана түшүндүрмөлөр КРнын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жиберилет. Комитеттин жыйынынын жыйынтыгы менен мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи окуусунда каралат. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары жаңы регламент боюнча өз ишин алып бармакчы. Мыйзам долбоорунун тексти жана ага негиздеме-маалым кат менен Жогорку Кенештин сайтынан таанышууга болот.

Иш-чарадан тартылган сүрөттөргө шилтеме: https://flic.kr/s/aHBqjzCwqx

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org