Ош шаарындагы креативдүү лабораториянын ишке кириши же талант, толеранттуулук жана технология жамааттарды кантип бекемдей алат

2022-ж., 2-March

Социалдык теңсиздик өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп калды, анын ичинде Кыргызстандын да бар. Айрым изилдөөлөр көрсөткөндөй, кирешелердин теңсиздиги жана жумушсуздук экономикалык төмөндөөгө, коомдун бөлүнүп-жарылышына алып келүүсү мүмкүн. Бирок, Германиянын өнүгүү институту жүргүзгөн эл аралык изилдөөгө ылайык, илимий коомчулуктун арасында дагы жамааттын социалдык биримдиги анын жыргалчылыгына таасир этеби же жокпу деген бирдиктүү пикир жок. Азырынча социалдык биримдик жана экономикалык өсүш бири-бирин бекемдеп жатат деп ишенимдүү айтууга же анын себеби жана натыйжасы эмне экендигин аныктоого жетиштүү маалыматтар жокко эсе.

Гипотеза

Бул теманы канчалык тереңирээк изилдеген сайын, гипотезаны практикада сынап көргүм келет: эгерде адамдар жакшы жашаса жана пландарын ишке ашырууга  көбүрөөк мүмкүнчүлүк болсо, анда алар баарлашууга, кызматташууга же жок дегенде компромисске барууга өбөлгө түзүлөт. Мүмкүн болсо, социалдык биримдикти жайылтуу үчүн кандай инновациялык ыкмаларды колдонсо болот? Экономиканын кандайдыр бир тармактары же иш процесси ар кандай топторду жакшыраак натыйжага жетүүгө үндөгөн тармактар барбы?

Талант, Толеранттуулук жана Технология

Ричард Флоридадагы "Чыгармачыл класс: Келечекти өзгөрткөн адамдар"китебинде айтылгандай, мындай тармак бар экен. Синергия үч “Т” комбинациясы - таланттын, толеранттуулуктун жана технологиянын айкалышынан келип чыгат, бул өнөр жай тармактарын инклюзивдүү жана Чыгармачыл өнүктүрүүгө алып келүүсү толук мүмкүн.

Тагыраак айтканда, чыгармачыл иш-аракеттердин жүрүшүндө экономикалык баалуулуктарды өндүргөн адамдардан турган чыгармачыл топ чыгармачыл адамдардын критикалык массасы, технологияга жетүү жана ар кандай идеяларга ачык болууга мүмкүн болгон жерде тез өнүгөт. Ошол эле учурда, бул айкалыш Чыгармачыл индустриянын өкүлдөрүн белгилүү жерлерге: өлкөлөргө, региондорго, шаарларга жана райондорго тартат. Ошондуктан, белгилүү Силикон өрөөнү сыяктуу, стартаптардын жана инновациялардын концентрациясы жогору жерлер дүйнөлүк картада так көрүнүп турат.

Бул албетте жакшы,бул мага керек нерселерден болчу. Бирок,суроо төмөндөгүдөй болчу: Кичинекей жана  анча креативдүү эмес шаарда чыгармачыл жамааттарды өнүктүрүүгө кантип эң жакшы мамиле кылсам болот? Кандай инновациялык долбоорлорду ишке киргизсе болот? Максаттуу аудитория ким болушу керек?

Ойлор иш-аракеттерди жаратат

2021 - жылдын аягында Кыргызстандын түштүк борбору-Ош шаарына бардым. Бул сапар

кененирээк ойлонуу  жана мага чыгармачыл индустирия портфолиосун иштеп чыгуу үчүн  пункттарын аныктоого жардам берди. Биринчиден, жергиликтүү калк менен болгон баарлашуунун негизинде шаарга жаратмандык да, алгылыктуу иштер да, элди, өзгөчө жаштарды бириктирүүчү аянтча керек экени белгилүү болду. Айтмакчы, биздин республикабыздын туштук борбору — абдан «жаш» шаар; 14-28 жаштагы 75 000ден ашык жаштар жашайт, алардын 30 000ге жакыны студенттер. Ал эми өлкөбүздүн мындай жаш калкы чыгармачыл тармактарды өнүктүрүү үчүн салыштырмалуу артыкчылык катары принципиалдуу түрдө каралышы мүмкүн.

Экинчиден, Ошто чыгармачылык мейкиндиктерди түзүүнүн жана өзүн өзү уюштурган жергиликтүү энтузиасттардын аркасында чыгармачылык топ эмитен эле пайда болуп жатат. Ошого карабастан, ал көптөгөн чөйрөлөрдө, өзгөчө кыздар жана аялдар үчүн колдоого муктаж, анткени чыгармачыл тармактар ​​аялдарды ишке орноштуруу жана өзүн өзү ишке ашыруу жагынан өзгөчө натыйжалуу жана келечеги бар.

Ушул ойлор жана фактылар мени Ошто Аялдардын чыгармачыл лабораториясын (WCL) түзүүгө шыктандырды – креативдүү тармактарда өз потенциалын ишке ашырууну каалаган кыздар жана аялдар үчүн коопсуз, чыгармачыл мейкиндикти түзмөкчү.

Аялдардын чыгармачылык лабораториясынын парадигмасы

Иш жүзүндө аялдардын чыгармачыл лабораториясы коворкинг мейкиндиги жана жыл ичинде лабораторияга кошулган 100дөн ашык кыздар жана аялдар үчүн жагымдуу чөйрө болуп саналат. Тургундар уникалдуу окуу программаларына жана насаатчылык колдоосуна, ошондой эле чыгармачыл тармактарда бизнес-идеяларын сынап көрүү же тездетүү үчүн каржылоого мүмкүнчүлүк алышат. Бирок, чындыгында, WCL физикалык мейкиндик эмес. Бул кыздар өздөрүн ыңгайлуу сезип, өзүнө болгон ишенимин арттырып, жаңы көндүмдөрдү өнүктүрө турган, мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жашоосунун сапатын жакшырта турган тармактык жана тарбиялоочу чөйрө.

Мындай гендердик сезимтал коворкинг кыздардын дараметин ачуунун ийгиликтүү шарты боло алат деген гипотеза жергиликтүү жаштар, жарандык активисттер жана жаратуучулар менен болгон талкууларда тастыкталды. Мындан тышкары, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен жеке жолугушуулардан кийин лаборатория курулган парадигма өзгөчө салттуу социалдык принциптер үстөмдүк кылган түштүк борбордун шартында өзгөчө маанилүү экени айкын болду.

Бул жылы жок дегенде 1000 адам WCL тармагына ачык иш-чараларга катышуу, ар түрдүү колдоо көрсөтүү, элчи болуу аркылуу кошулуусу пландалууда. Коомчулук аялдарды да, эркектерди да камтыйт, анткени биз жасалма “көбүктү” жаратууну каалабайбыз, тескерисинче, биз үчүн парадигма гендерди камтышы маанилүү. Бул дагы масштабдуу жана туруктуу болуу демилгесин бекемдейт деп ишенем. Бул режимде иштеген биринчи жылдан кийин, лаборатория жарым-жартылай өзүн-өзү каржылоого өтүшү күтүлүүдө, мында жашоочулар чыгармачыл тармактарда алынган кирешелери аркылуу жайларды ижарага алышат.

Ош шаарындагы «Аялдар» чыгармачылык лабораториясы өз ишин баштады жана коомчулугун куруу үчүн бир нече иш-чараларды өткөрдү. Жаңылыктарды биздин социалдык тармактардан көрө аласыз:

Instagram| Facebook

Мен бул парадигма, эгер ийгиликтүү сыноодон өтсө, Кыргызстандын башка аймактарында, өзгөчө кыздар менен аялдардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү айыл жерлеринде кайталанууга жана масштабга ылайыктуу деп эсептейм. Эгерде сизди WCL парадигмасы жана санариптик инновациялар жана гендердик инклюзивдүү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча ПРООН менен өнөктөштүгү кызыктырса, мени менен байланышыңыз, Виктория Петрова,

ПРООНдун Кыргызстандагы чалгындоочу акселератор лабораториясынын жетекчиси, viktoriia.petrova@undp.org

Адабияттар:

Кыргызстандагы креативдүү индустриялар: 2014-2018-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын ИДӨ(ички дөн өнүм)сына  креативдүү тармактардын салымы жылына 1% га жакын деңгээл боюнча  калган, ошол эле учурда секторго чет өлкөлүк түз инвестициялар жылына 500 миң акш долларын түзгөн. 2020-жылы чыгармачыл тармактарда иштегендердин жалпы саны 13,000 адамды түзгөн, бул жалпы иштеген калктын 0,6% түзөт. Чыгармачылык тармактарда жаштардын жана аялдардын жумуштуулугунун жогорку деңгээли байкалат: 60% аялдар, 40% жаштар. 2020-жылы чыгармачыл тармактарда катталган ишканалардын жалпы саны 798 түзгөн, алардын 513ү жеке сектордон, 285и мамлекеттик ишканалардан болгон.  Калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатуу үчүн креативдүү индустрияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Улуттук программасында, ошондой эле 2021-2023-жылдардагы креативдүү индустриялар Концепциясында белгиленген.